Кыргызпатент “40 райондон 40 демилге” долбоору боюнча 2024-жылга өтүнмөлөрдү кабыл алууну аяктаганын билдирет.

2024-жылдын тандоосуна жалпысынан 206 өтүнмө келип түштү, анын ичинен 66 инновациялык демилге, 140 стартап катары катталды.

Региондор боюнча бөлүштүргөндө:

Жалал-Абад облусунан – 47 өтүнмө, Баткен облусунан  – 44 өтүнмө.  Ош облусунан – 38 өтүнмө, Чүй облусунан – 28 өтүнмө, Ысык-Көл облусунан – 25 өтүнмө, Нарын облусунан – 17 өтүнмө,  Талас облусунан – 7 өтүнмө келип түштү.

Жалпы өтүнмөлөрдүн ичинен 167 өтүнмө жеке жактардан, 38 өтүнмө юридикалык уюмдардан келип түштү. Ошондой эле, 138 өтүнмө мамлекеттик тилде, 68 өтүнмө расмий тилде берилген.

Өтүнмөлөрдү гендердик бөлүштүрүү боюнча – 106 өтүнмө эркектерден, 100 өтүнмө аялдардан келип түштү.

Тармактар боюнча бөлүштүргөндө:

Өндүрүш – 100; Айыл чарба – 35; Кызмат көрсөтүү – 32; IT– 11; Кайра иштетүү – 10; Билим берүү – 10; Туризм – 8.

Эскерте кетсек, өтүнмөлөр эч кандай чектөөсүз, экономиканын бардык секторунун багыттары боюнча кабыл алынган.

Тандоонун тартиби боюнча тандоо мөөнөтү 5 айды түзүп жана 3 этап менен өткөрүлөт. Биринчи этапта, Ведомстволор аралык комиссия тарабынан долбоорлор алдын ала тандалат, андан соң экинчи этапта алдын ала тандалган катышуучулар 2 айлык акселлерациялык программадан өтүшөт.