"40 райондон 40 демилге" долбоору боюнча алдын ала тандоонун жыйынтыктары

2-июлда «40 райондон 40 демилге» долбоору боюнча, Ведомстволор аралык комиссиянын II отуруму болуп өттү. Отурумда Ведомстволор аралык комиссиянын мүчөлөрүнүн инновациялык долбоорлорду жана стартаптарды баалоо баракчаларынын жыйынтыгы каралып, талкууланды.

Жыйынтыгында тандоого келип түшкөн 206 өтүнмөнүн ичинен акселерациялык программага катышуу үчүн 34 долбоор, анын ичинен 14 инновациялык демилге, 20 стартап алдын ала тандалып алынды.

Акселерациялык программа долбоордун финансылык моделин жана өндүрүш планын түзүүгө, долбоордогу тобокелдиктерди аныктоого, долбоордун бизнес-пландарын түзүүгө жана талдоого жардам берүү боюнча үзгүлтүксүз онлайн окутуу курстарынын форматында насаатчылык жана окутуу аркылуу бизнес-идеяны интенсивдүү өнүктүрүүнү камтыйт.

Окутуунун жыйынтыгы боюнча инновациялык долбоорлор алардын тармактык таандыктыгына жараша комплекстүү экспертиза жүргүзүү максатында көз карандысыз эксперттер тарабынан бааланат.

Андан кийин Ведомстволор аралык комиссия акселерациялык программаны өткөргөн уюмдун сунуштамаларынын жана көз карандысыз тармактык эксперттердин баалоосунун негизинде катышуучулардын бетачарларын угат жана талдайт.

“40 райондон 40 демилге” долбоору боюнча алдын ала талданган 34 долбоор
Инновациялык демилгелер:
1. «Бай Дыйкан» биолабораториясын модернизациялоо
2. Эко-Туризм
3. Камнеуборочный комбайн Кыргызстан 1
4. Этно STEAM
5. ЭЛОСИПЕД
6. Производство натуральных продукций питания на основе традиционных и естественных технологий
7. Производство пред-напряженной шпалер для интенсивного садоводства
8. Био-отун өндүрүү
9. Производство электрического воздухонагревателя на основе местного сырья
10. Сынч Блок, сынч панел и сынч плита. «Эко 3D панель»
11. Организация производства автоматизированной отопительной печи
12. Мастер онлайн
13. ЭКО-Жылуулук
14. Дан кыям

Стартаптар:
1. Инновационная инженерная станция по переработке и утилизации ТБО
2. Алман
3. Автономная Микрогидроэлектростанция
4. Геликоидтик суу-шамал электр чордону (Геликоидный гидро-ветро электростанция)
5. Фильтр на дымовую трубу
6. Төө буурчак жыйноочу агрегат
7. Protobiotec
8. ЭкоКамыш: Естественная теплоизоляция для зеленого дома
9. Внедрение разработанной инновационной технологии синтеза высокомолекульярной полианионной целлюлозы, применяемой в различных отраслях производства
10. Лего
11. FoodCraft SL
12. ЭКО-вертикальное выращивание зелени в городе
13. Бал аары.
14. Jemish_snacks
15. Улукман “Аш баштык”
16. «Шолкан» вкус детства под новым углом!”
17. Элим үчүн
18. УмА талкандары
19. Инновациялык өрмөк
20. Аксы балы

Slide
Slide
Slide
Slide
previous arrow
next arrow