Бүгүн, 6-сентябрда "40 райондон 40 демилге" долбоорунун катышуучулары үчүн Кыргызпатенттин экспертиза башкармалыгынын башкы адиси Бекболот кызы Бактыгүл ойлоп табууларды, пайдалуу моделдерди жана өнөр жай үлгүлөрүн укуктук коргоо боюнча онлайн тренинг өткөрдү.

Тренингдин жүрүшүндө эксперт өнөр жай менчигинин объектилеринин патентке жөндөмдүүлүгүнүн шарттары, патентке өтүнмөлөрдү берүү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын аймагындагы коммерциялык сырды коргоонун укуктук маселелери жөнүндө айтып берди. Катышуучулар жогоруда аталган объектилер боюнча кайрылуу жол-жобосунун шарттары жана укуктук жактан корголушу боюнча көптөгөн суроолорду беришти.

Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
previous arrow
next arrow