Бүгүн, 14-октябрда Кыргызпатент Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 6-сентябрындагы №536 “40 район – 40” китеп” адабий конкурсу жөнүндө тескемесин аткаруу максатында Баткен облусу боюнча онлайн режиминде маалыматтык иш-чара өткөрдү.

“40 район – 40” китеп” адабий конкурстун негизги максаты – кыргыз тилин жана улуттук маданиятты сүйүүгө тарбиялоону пропагандалаган жана жазган таланттуу авторлорду табуу жана илгерилетүү болуп саналат.

Иш-чарага КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн, Баткен, Лейлек, Кадамжай  райондук мамлекеттик администрациялардын жана Баткен, Сүлүктү, Раззаков, Кызыл-Кыя шаардык мэриялардын жооптуу кызматкерлери, китепканачылар, маданият өкүлдөрү, жалпысынан 40ка жакын адам катышты. Иш-чаранын алкагында Кыргызпатенттин алдындагы Интеллектуалдык менчик мамлекеттик фондунун кызматкерлери тарабынан “40 район – 40 китеп” адабий конкурсу тууралуу кеңири маалымат берилди жана катышуучулар өз суроолоруна толук кандуу түшүндүрмө ала алышты.

Ошондой эле 29-ноябрда Кыргызпатент уюштуруп жаткан аялдар форуму боюнча да кызыктуу маалыматтар берилди.

Иш-чаранын жыйынтыгында ар бир катышуучу өзүнө пайдалуу маалыматка ээ болушту.

Авторлор үчүн кулак кагыш,  “40 район – 40 китеп” адабий конкурсуна катышуу үчүн өтүнмөлөр 2024-жылдын 1-ноябрынан 31-декабрына чейин райондук мамлекеттик администрациялардын жооптуу кызматкерлери аркылуу кабыл алынып, конкурстун Катчылыгына жөнөтүлөт.

Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
previous arrow
next arrow