“Жылдын мыкты китеби” конкурсунун жеңүүчүлөрүн аныктоо

2024-жылдын 18-октябрында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар агенттиги (Кыргызпатент) Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Мамлекеттик китеп палатасы менен биргелешип уюштурган “Жылдын мыкты китеби” конкурсунун жеңүүчүлөрүн аныктоо боюнча Калыстар тобунун биринчи отурумун өткөрдү.

Конкурстун максаты – басылма ээлерин, инновациялык идеяларды жана тажрыйбаларды колдоо, мыкты китептерди коомчулукка жайылтуу,  оригиналдуу басылмаларды аныктоо, көркөм дизайн жана полиграфиялык жактан сапаттуу аткарылган чыгармачылык иштерди элге таанытуу болуп эсептелет.

Конкурска 2023-2024-жылдары 20га жакын басмаканада жарык көргөн 400дөн ашык китеп келип түшүп, Калыстар тобунун сын элегинен проза багыты боюнча – 13 китеп, поэзия – 8, балдар адабияты боюнча – 11 китеп экинчи этапка өттү. Бул китептер көркөмдүүлүк, актуалдуулук, полиграфиялык аткаруунун деңгээли, нускасы ж.б. чен-белгилер боюнча өз бааларын алышкандан кийин гана конкурстун жеңүүчүлөрү аныкталат.

Калыстар тобунун курамына Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзунун мүчөлөрү, белгилүү акын-жазуучулар, адабият таануучулар, филология илимдеринин докторлору, профессорлор кирген.

Белгилей кетсек,  “Жылдын мыкты китеби” конкурсу: “Жылдын прозасы”, “Жылдын поэзиясы”, “Жылдын балдар адабияты”, “Жылдын басмасы” багыттары боюнча 2024-жылдын 17-майынан 5-сентябрына чейин жарыяланган.

Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
previous arrow
next arrow