25-октябрь күнү “40 райондон 40 демилге” долбоорунун алкагында республиканын аймактарында иштелип чыккан инновациялык демилгелерди жана стартаптарды жыйынтыктоочу тандоо болуп өттү.

Иш-чарада акселерациялык программадан өткөн 30 катышуучу министрликтердин, ведомстволордун жана коомдук уюмдардын өкүлдөрүнөн турган Ведомстволор аралык комиссияга өздөрүнүн долбоорлорунун бетачарларын жасашты.

Ведомстволор аралык комиссия тарабынан 3 инновациялык демилге жана 5 стартап тандалып алынды:

Инновациялык демилгелер:
1. Бакирова Жанаркан Токоновна «Бай Дыйкан» биолабораториясын модернизациялоо.
2. Таабалдыев Нурсултан Абдиллакимович Сынч блок, сынч панели жана сынч плитасы. «Эко 3D панели».
3. Эрмекова Зулайка Карыбековна «Дан кыям».

Стартаптар:
1. Султангазиева Анаркуль Аскарбековна Катуу калдыктарды кайра иштетүү жана жок кылуу боюнча инновациялык инженердик станция.
2. Салымбаев Амантур Карыпович «Мор чыпкасы».
3. Керимкулов Жолдош Асанович «Protobiotec» (Кара солдат чымын личинкаларын (лат. Hermetia illucens) үй канаттууларына жана балыктарга жеткиликтүү тоют катары өстүрүү).
4. Омаралиев Эрик Эркенович «FoodCraft SL». (Продукциянын аш болумдуулугун рецепт боюнча эсептөө).
5. Маматбекова Салтанат Жолдошовна «Jemish _snacks» (Акылдуу, энергияны үнөмдөөчү кургаткычты колдонуу менен жергиликтүү түшүмдөн табигый жемиш чипсы жана зефир өндүрүү).

Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
previous arrow
next arrow