Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттигинин Илимий-техникалык кеңешинин 2021-жылдын 19-мартындагы № 2 чечими менен жактырылган

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттигинин 2021-жылдын 22-ноябрындагы № 262 буйругу менен бекитилген

Кыргыз Республикасынын авторлорунун арасында Улуттук сынак өткөрүү жөнүндө

ЖОБО

1. Жалпы жоболор

  1. Кыргыз Республикасынын авторлорунун арасында Улуттук сынак өткөрүү жөнүндө жобо (мындан ары – Жобо) “Автордук укук жана чектеш укуктар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 6-мартындагы  №105 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында ойлоп табуучулук жана чыгармачылык ишке шыктандыруу жөнүндө жобого ылайык иштелип чыккан.
  2. Жобо Кыргыз Республикасынын авторлорунун арасында улуттук сынакты (мындан ары – Сынак) уюштуруу жана өткөрүү тартибин аныктаган, аны уюштуруучулук-усулдук жактан камсыздандыруу, Сынакка катышуу тартибин жана авторлорду тандап алуунун негизин түзгөн документ болуп саналат.
  3. Сынакты уюштуруу жана өткөрүү тартиби бардыгына жалпы жеткиликтүү принциптерине, ачыктык жана айкындуулукка, инсанды эркин өнүктүрүүгө, Сынактын катышуучуларынын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоого негизделген.
  4. Сынактын максаттары жана милдеттери:
    • Кыргыз Республикасынын интеллектуалдык менчик системасынын өнүгүшүнө көмөктөшүү жана Кыргыз Республикасынын авторлорунун чыгармачылыгына өбөлгө түзүү;
    • Кыргыз Республикасынын авторлорунун мыкты чыгармачылык иштерин жайылтуу жана колдоо, өнүгүшүнө көмөк көрсөтүү.
  1. Сынактын уюштуруучусу болуп Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттигинин (Кыргызпатент) алдындагы Интеллектуалдык менчик мамлекеттик фонду (мындан ары – ИМ Мамфонд) эсептелет.
  2. Сынак Кыргыз Республикасынын чыгармачылык союздар, бейөкмөт жана коммерциялык эмес уюмдардын жана башкалардын жардамы менен өткөрүлөт.
  3. Өтүнмөлөрдү кабыл алуу жана жыйынтыгын чыгарууда жалпы координацияны Сынактын Катчылыгы (мындан ары – Катчылык) – ИМ Мамфонддун тиешелүү бөлүмү ишке ашырат.
  4. Уюштуруучу сынактык материалдарды кароо жана мыкты иштерди аныктоо боюнча Сынактын калыстар тобун түзөт. Калыстар тобунун курамы 11 адамдан кем эмес болууга тийиш. Калыстар тобунун мүчөлөрү ишке коомдук башталышта ыктыярдуу негизде тартылат, ошондой эле сынактык чыгармачылык иштерди (мындан ары – иштер) Жобонун №2 тиркемесине ылайык баалайт жана упай коет.
  5. Сынак эки жылда бир өткөрүлөт, мөөнөтүн Уюштуруучулар аныктайт.
  6. Сынак төмөндөгүдөй номинациялар боюнча өткөрүлүшү мүмкүн:
  1. проза;
  2. поэзия;
  3. драматургия;
  4. сатира;
  5. илимий-популярдуу чыгарма;
  6. балдар адабияты;
  7. альбомдор, каталогдор;
  8. социалдык-гуманитардык багыттагы брошюралар, плакаттар, буклеттер;
  1. Сынакка курагы 30 жаштан жогорку авторлор катыша алат.
  2. Эгерде Сынакка катышуу үчүн Жобонун 10-пунктунун 1-7-пунктчаларында көрсөтүлгөн номинациялар боюнча 3төн аз өтүнмө берилген болсо, ал эми 10-пунктунун 8-пунктчада көрсөтүлгөн номинация боюнча 10 дон аз өтүнмө келип түшсө, тиешелүү номинациялар боюнча Сынак Калыстар тобунун чечими менен өткөрүлөт.
  3. Калыстар тобунун чечими менен тандалып алынган иштер Кыргыз Республикасында ойлоп табуучулук жана чыгармачылык ишке шыктандыруу жөнүндө жобого ылайык, Ведомстволор аралык жумушчу комиссиянын кароосуна жиберилет жана ИМ Мамфондунун Башкармалыгы тарабынан бекитилет.
  4. Жеңүүчүлөрдүн чыгармачылык иштеринин жарык көрүүсүнө финансылык жардам көрсөтүлөт. Бул жөнүндө Кыргызпатенттин жана ИМ Мамфондунун расмий сайтына жайгаштырыат.

Кыргызпатент сынактык иштерди коммерциялык эмес максатта колдонуу укугуна ээ.

2. Сынакты өткөрүү жана өтүнмөлөрдү кабыл алуу тартиби

  1. Сынакка мурда чыгармасы жарык көргөн жана ИМ мамфондусунан финансылык колдоо алган авторлор катыша албайт.

Сынакка Калыстар тобунун, ведомстволор аралык жумушчу комиссиянын жана ИМ Мамфондунун Башкармалыгынын мүчөлөрү катышуусуна жол берилбейт.

  1. Сынакка ишин жөнөтүп жаткан катышуучу, чыгарманын автору же авторлош болуусу керек жана “Автордук укук жана чектеш укуктар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, башка жактардын автордук укугу бузулбаганына кепилдик берүүгө тийиш.
  2. Сынакка катышуу үчүн Жобонун 1-тиркемесинде белгиленген үлгүгө ылайык, өтүнмөнү Уюштуруучулар белгилеген мөөнөттө Катчылыктын электрондук дарегине fund@patent.kg же ИМ Мамфондунун дарегине: 720021, Бишкек шаары, Москва көчөсү 62 ге жөнөтүү керек .
  3. Өтүнмөгө төмөндөгү документтер тиркелет:
  1. чыгарманын аннотациясы;
  2. ушул Жобонун 10-пунктунда көрсөтүлгөн номинацияга талапкерлердин иши мамлекеттик же расмий тилде кабыл алынат:
    — 1-6 -пунктча – А4 форматтагы Microsoft Word документи тибинде, Times New Roman арибинде, 14-өлчөмдө терилип (саптардын аралыгы – 1,15), көлөмү 600 беттен ашпоого тийиш. Ар бир барактын чети 20 мм ди түзүп, тексттин ар бир абзацы 10 мм болуусу кажет, басылманын автордук иллюстрациясы jpg форматта 350 dpi  кем эмес электрондук жана кагаз түрүндө болуп,  автордук укугун жана жарыялоого уруксат берүүчү документтер тиркелиши  керек;
    — 7-пунктча  – А4 форматтагы альбомдук барак, Microsoft Word документи тибинде, Times New Roman арибинде, 14-өлчөмдө терилип (саптардын аралыгы – 1,15), көлөмү 120 беттен ашпоого тийиш. Ар бир барактын чети 20 мм ди түзүп, тексттин ар бир абзацы 10 мм болуусу кажет;
    — 8-пунктча: – А3 форматтагы плакат, СМУК түстүү модель,  300 dpi  кем эмес болууга тийиш; А5 форматтагы буклет (1 же 2 бүктөм), 20 беттен турган эки жактуу барак лифлет; А5 форматтагы брошюра (1 же 2 бүктөм), 50 беттен турган эки жактуу барак лифлет.
  3. паспортунун көчүрмөсү;
  4. жеке сүрөтү жана jpg форматта 350 dpi  кем эмес электрондук түрүндөгүсү.
  1. Сынакка катышууга өтүнмөлөр Кыргыз Республикасында ойлоп табуучулук жана чыгармачылык ишке шыктандыруу жөнүндө жободо каралган талаптарга ылайык келүүсү керек.
  2. Сынактын жыйынтыгы боюнча Калыстар тобу жеӊүүчүлөрдү аныктайт жана алардын чыгармаларын Ведомстволор аралык жумушчу комиссия жана ИМ Мамфондунун Башкармалыгынын кароосуна жөнөтөт.

ИМ Мамфондунун Башкармалыгынын чечиминен кийин жеӊүүчүлөрдүн чыгармалары Уюштуруучулар тарабынан басмаканадан чыгарылат жана  бул жөнүндө маалымат Кыргызпатенттин жана ИМ Мамфондунун расмий сайттарына жайгаштырылат.

  1. Сынактык иштер рецензияланбайт жана кайтарылбайт.
  2. Сынакты өткөрүү мөөнөтү узартылса же башка өзгөртүүлөр кирген учурда Катчылык кошумча маалыматтарды Кыргызпатентин www.patent.kg жана ИМ Мамфонддун fund.patent.kg расмий сайттарына жарыялайт.

4. Тараптардын укуктары жана милдеттери

  1. Катышуучу:
    • Сынак боюнча уюштуруучудан маалымат алууга укуктуу;
    • Конкурсту өткөрүү максатында жеке маалыматтарды чогултуу, сактоо, колдонуу, иштеп чыгуу жана  таратууга макулдугун берет, анын ичинен аты-жөнүн, телефонунун номерин жана электрондук дарегин;
    • үчүнчү жактын укугун бузбай тургандыгына кепилик берет;
    • Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык, автордук укукту бузгандыгы учун жарандык-укуктук жоопкерчиликти тартат;
    • Сынакка катышуу үчүн Өтүнмөнү толтурууда зарыл болгон так маалыматтарды көрсөтүүгө милдеттүү.
  1. Уюштуруучу укуктуу:
    • Кыргызпатент менен ИМ Мамфондунун расмий сайттарына билдирүү жайгаштыруу менен Сынакты узартууга же жокко чыгарууга;
    • эгер Катышуучу такталбаган маалыматтарды берсе же укугу үчүнчү жакка таандык интеллектуалдык менчик объектилерин уруксатсыз колдонгондо,  Катышуучуну сынакка киргизүүдөн баш тартууга же токтотууга.
    • Сынак жөнүндө маалыматтардын жеткиликтүү болушун камсыз кылууга милдеттүү.

5. Каржылоо

  1. Сынакты өткөрүүгө финансылык колдоо Сынактын уюштуруучусу тарабынан жүзөгө ашырылат.
  2. Сынакка катышууга жыйымдарды алууга жол берилбейт.