КР Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын Илимий-техникалык кеңешинин 2019-жылдын 20-сентябрындагы №6 чечими менен жактырылган

КР Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын алдындагы Интеллектуалдык менчик мамлекеттик фондунун 2019-жылдын 14-ноябрындагы №50 буйругу менен бекитилген

“Саамалык” республикалык адабий конкурсун өткөрүү жөнүндө

ЖОБО

1. Жалпы жоболор

1.1 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматы тарабынан өткөрүлүп жаткан “Саамалык” балдар жана жаштар үчүн республикалык адабий конкурсун өткөрүү жөнүндө Жобо Кыргыз Республикасынын “Автордук укук жана чектеш укуктар жөнүндө” Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 28-февралындагы №126 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматы жөнүндө Жобого, Кыргызпатенттин 2019-жылдын 1-мартындагы №50 буйругу менен бекитилген Интеллектуалдык менчик мамлекеттик фонду жөнүндө Жобого, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 6-мартындагы №105 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында ойлоп табуучулук жана чыгармачылык ишке шыктандыруу жөнүндө Жобого жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 6-июлундагы №424 токтому менен бекитилген 2017-2021-жылдарда Кыргыз Республикасында интеллектуалдык менчикти өнүктүрүүнүн Мамлекеттик программасына ылайык иштелип чыккан.

1.2 Конкурс жөнүндө Жобо (мындан ары – Жобо) конкурсту өткөрүүнүн тартибин жана шартын аныктай турган документ болуп эсептелет, ошондой эле Конкурсту уюштуруучулар менен Катышуучулардын ортосундагы өз ара мамилелердин жалпы эрежелерин аныктайт.

1.3. Конкурсту өткөрүү жана уюштуруу жалпыга жеткиликтүү болуусуна, инсандын эркин өнүгүүсүнө, Конкурстун катышуучуларынын кызыкчылыгын жана укугун коргоого негизделген.

1.4. Конкурс республикалык болуп эсептелет.

2. Терминдер жана аныктамалар

Өтүнмө Жободо белгиленгендей (1-тиркеме) “Саамалык” республикалык адабий конкурсуна (мындан ары – Конкурс)  катышууга өтүнмө толтурулгандан кийин чыгармачылык иши менен бирге Кыргызпатентке жөнөтүлөт.
Уюштуруучу жана ыйгарым укуктуу орган Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматы (мындан ары – Кыргызпатент)
Конкурс катчылыгы Интеллектуалдык менчик мамлекеттик фонду (мындан ары – ИМ мамфонду ) уюштуруучулук-техникалык жактан камсыз кылууга жооп берет.
Конкурстун өнөктөштөрү Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзу, Эл аралык “Нур Борбор” чыгармачылык академиясы, Кыргыз Республикасындагы адабий клуб жана бирикмелер.
Конкурстун катышуучулары Конкурска 7  жаштан 30 жашка чейинки бардык каалоочулар катыша алат. Конкурс “Мыкты поэтикалык чыгарма” жана “Мыкты прозалык чыгарма” номинациялары боюнча эки курактык категорияда өткөрүлөт:

-“Мыкты поэтикалык чыгарма” жана “Мыкты прозалык чыгарма” (аңгеме, жомок, притча, эссе, очерк ж.б.) – 7-17 жаш;

-“Мыкты поэтикалык чыгарма” жана “Мыкты прозалык чыгарма” (аңгеме, жомок, притча, эссе, очерк ж.б.) – 18-30 жаш.

Калыстар тобу Конкурстун жеңүүчүлөрүн аныктоочу Эксперттик топ.

Калыстар тобунун курамын уюштуруучулар аныктайт.

Калыстар тобунун мүчөлөрү ишке кайтарымсыз негизде тартылат жана Жобонун №2 тиркемесине ылайык, долбоорлорду баалайт.

Конкурстун  жеңүүчүсү Ар бир номинацияда жана ар бир жаш категориясы боюнча Конкурстун жеңүүчүсү жана финалисттери Конкурстун калыстар тобу тарабынан аныкталат. Алардын бардыгы дипломдор жана баалуу сыйлыктар менен сыйланышат.

Жеңүүчүлөрдүн жана финалисттердин иштери расмий сайтка жайгаштырылат жана “Саамалык” адабий жыйнагына жарыяланат.

Адабий жыйнактын нускасын Уюштуруучулар аныктайт.

Уюштуруучулар ар бир жеңүүчүгө жана финалисттерге “Саамалык” китебинен 3-5 экземпляр тапшырат.

3. Негизги жоболор

3.1 Конкурстун максаты   -жаш таланттуу авторлорду издөө жана колдоо, аларга адабиятка кызыккан теңтуштары менен чыгармачыл баарлашуу мүмкүнчүлүгүн түзүү;

-балдарды чыгармачылык процесске тартуу жана жаш муундун руханий дараметин жогорулатуу.

3.2 Конкурстун милдети  -Мүмкүн болушунча көп балдарды интеллектуалдык ишмердүүлүккө активдүү тартуу;

-баланын өз алдынчалыгын колдоо;

-балдарды эстетикалык тарбиялоо;

-көркөм табитти, фантазиясын, эмгекчилдикти, демлгелүүлүктү, активдүү ишмердүүлүккө умтулуусун өнүктүрүү.

 

3.3 Конкурстун уюштуруучусу Камсыз кылат:

-Бардык катышуучулары үчүн бирдей шартты түзүп берет;

-Конкурс жөнүндө маалыматты коомчулукка жеткирүү;

-Расмий жарыяланган күнгө чейин Конкурстун жыйынтыктары жөнүндө маалыматтарды ачыкка чыгышына жол бербөө;

-Конкурстун жыйынтыгы жөнүндө маалыматты расмий жарыялоодон мурда таратууга жол бербөө;

-“Саамалык” адабий жыйнагынын бет ачарын өткөрүү.

Конкурстун уюштуруучусу Жобого ылайык, конкурсту жокко чыгарууга укуктуу жана Катышуучуларга Кыргызпатенттин жана ИМ мамфонддун расмий сайтына жарыялоо аркылуу маалымдайт.

3.4 Конкурстун иштерине талаптар Чыгармачылык иштер кыргыз же орус тилдеринде А4 форматында, Word тексттик редакторунда Times New Roman 14 шрифтинде, 14-өлчөмдө, бир интервал менен терилип, барактын туурасына теңделип, сунушталышы мүмкүн.

Чыгармачылык иштин ар бир барагынын чет тарабы 20 мм, ар бир тексттин ар бир абзацы абзацтык аралык боюнча 10 мм болуусу керек. Ар бир чыгарма өзүнчө файлга жайгаштырылат. Катышуучу өтүнмөнүн материалдарын номинацияларга ылайык жөнөтөт:

-ырлар – 250 саптан ашпаган 10дон көп эмес;

-проза – 3 чыгармадан көп эмес, өлчөмү 20 000 белгиден ашпоого тийиш (А4 10 бет)

 

3.5 Конкурсту ишке ашыруу мөөнөтү Конкурс эки жылда бир өткөрүлөт.
3.6 Конкурс өтө турган жер Бишкек шаары

 

4. Конкурсту өткөрүүнүн тартиби

4.1 Өтүнмөлөр үстүбүздөгү жылдын 1-сентябрынан 30-январына чейин кабыл алынат. Катчылык маалыматтык-жарнамалык иштерди жүргүзөт.

Конкурска катышуу үчүн Жобонун №1 тиркемесине ылайык, Өтүнмөнүн формасы толтурулат.

Өтүнмө жана конкурстук иштер кол жазма жана электрондук түрүндө, электрондук сүрөт жана кыскача өмүр-баяны 720021, Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Москва көчөсү 62, Кыргызпатент алдындагы ИМ мамфондунда же e-mail: gosfond.patent@patent.kg дареги боюнча кабыл алынат.

Байланыш телефону 68-04-71

Конкурсту өткөрүү мөөнөтү узартыла турган болсо же башка өзгөрүүлөр кирсе, Катчылык кошумча маалыматты же жаңы шарттарын Кыргызпатенттин patent.kg жана ИМ мамфонддун  fund.patent.kg расмий сайттарына жарыялайт.

Конкурска төмөндөгү чыгармалар катыштырылбайт жана каралбайт:

— чала иштелген чыгармалар;

-өтүнмөсү жок же өтүнмөгө колу коюлбай тапшырылса;

— чогултуу мөөнөтүнөн кечиксе;

-сынактын материалдарынын мазмунунда башка авторлордун чыгармалары колдонулса;

— улуттар аралык, расалык жана диндер ортосунда кастыкты козуткан чыгармалар;

-саясий мүнөздөгү жана үгүттөөнүн башка түрүн камтыган чыгармалар.

Катчылык өтүнмөнүн толук экендигин, ошондой эле сынактык иштердин талапка жооп берерин текшерет, зарыл учурда Конкурска тийиштүү кошумча маалыматты сурайт.

Конкурска катышууга өтүнмө берүү бул катышуучунун Жободо көрсөтүлгөн талабы мнеен шарттарына макулдугун билдиргени болуп саналат.

Конкурска катышуучулардын тизмеси жана иштери Кыргызпатенттин жана ИМ мамфонддун сайттарына жарыяланат.

 

4.2 Автордук укук жана конкурстун материалдарын андан ары колдонуу Автор жеке мүлктүк эмес укукка ээ.

Мүлктүк укук Конкурстун уюштуруучуларына өткөрүлүп берилет.

Калыстар тобуна сунушталган Конкурстун иштери кайтарылып берилбейт жана рецензияланбайт (Конкурстун калыстар тобу менен алдын ала макулдашылган учурларды кошпогондо)

 

4.3 Конкурстун Калыстар тобу

 

Калыстар тобу Жободо (2-тиркеме) белгиленгендей, добуш берүү механизмине ылайык Конкурстун иштерин баалайт жана жеңүүчүлөрдү жана финалисттерди аныктайт.

5. Калыстар тобунун, катышуучулардын укуктары жана милдеттери

Катышуучулар:
5.1 Катышуучу өзүнүн чыгармалары менен гана катыша алат.
5.2 Сынакка катышуу менен, Катышуучулар ушул Жобого макул экендигин тастыкташат.
5.3  Катышуучулар конкурска катышуу үчүн өтүнмөнү толтурууда так маалыматтарды көрсөтүүгө милдеттүү.
5.4 Конкурска катышууга байланыштуу ушул Жободо көрсөтүлгөн бардык талаптарды аткарууга милдеттүү.

 

5.5 Авторлор Конкурска катышуу максатында өздөрүнүн жеке маалыматтарын колдонууга макулдугун берет, анын ичинен аты-жөнүн, телефонунун номерин жана электрондук почтасынын дарегин.

Жеке маалыматтын коопсуздук чараларына  кепилдик берген Катчылыкка Конкурсту өткөрүү максатында калемгерлер жеке маалыматын чогултууга, сактоого, колдонууга, иштеп чыгууга жана жайылтууга макулдугун ырастайт.

Катышуучулар үчүнчү жактын укуктарын бузбай турганына кепилдик беришет.

 

Калыстар тобу:
6.1 Конкурстун катышуучуларынын ишин баалоодо жүктөлгөн милдетине ылайык, ак ниеттүүлүк менен аткаруу

 

6.2 Конкурстун жүрүшү жана жыйынтыгы жөнүндө Конкурс аяктаганга чейин мөөнөтүнөн мурда жарыялабоо
6.3 Жөнөтүлгөн иштер, ошондой эле катышуучулар жөнүндө маалыматтарды интернет жана башка массалык маалымат каражаттарга жайылтпоо