
Урматтуу коллегалар!
Эгерде, Сиздердин ишкана же болбосо мекеме өз ишинде активдүү жаңы инновациялык технологияларды колдонсо, чет өлкөдө же болбосо Кыргызстанда белгилүү болсоңуздар жана мекемеде жогорку квалификациялуу кадрлар иштесе анда бул маалымат Сиздер үчүн.
Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттиги (Кыргызпатент) “Интеллектуалдык менчиктин өнүгүүшүнө кошкон салымы үчүн” Республикалык конкурска катышууга чакырат. Конкурс Эл аралык жана Улуттук интеллектуалдык менчик күнүнө карата 26-апрельде өтөт.
Конкурс ишканалар,мекемелер, жамааттар жана алардын өкүлдөрүнүн арасында төмөнкү номинациялар боюнча уюштурулат.
-«Акыл табылга» (мыкты ойлоп табуу). Бул номинацияда конкурстун катышуучулары – патент ээлери.
-«Канатташ» автордук укук жана чектеш укуктар объектилерин пайдалануучулар, анын ичинде театрлар, филармониялар, телерадиокомпаниялар, концерттик оюн-зоок иш-чараларын уюштуруучулар, коомдук тамактануу ишканалары, көңүл ачуучу жайлар, соода аянтчалары.
-«Интеллектуалдык өнөктөштүк» (Интеллектуалдык менчикти урматтоону камсыз кылууга көмөктөшүү). “Интеллектуалдык өнөктөштүк” сынагынын катышуучулары болуп жалпыга маалымдоо каражаттары, коомдук бирикмелер, коммерциялык жана коммерциялык эмес уюмдар, окуу жайлары, окумуштуулар, патенттик ишенимдүү өкүлдөр, журналисттер, бизнес түзүмдөрүнүн өкүлдөрү жана окутуучулар саналат.
-«Келечек жаратманы» (Жаш техник). 17 жашка чейинки жалпы билим берүү уюмдарынын, балдар борборлорунун жана техникалык чыгармачылык ийримдеринин окуучулары “Келечек жаратманы” номинациясына катышат.
– «Мыкты бренд» (Мыкты соода маркасы). Конкурска “Мыкты бренд” номинациясында Кыргыз Республикасынын мамлекеттик реестринде катталган товардык белгилер жана тейлөө белгилери көрсөтүлүшү мүмкүн.
Өтүнмөлөр 2023 жылдын 15 февралга чейин кабыл алынат