2024-жылы 24-декабрында Кыргызпатент тарабынан Нарын облусунун Нарын районундагы жана Ат-Башы районуна караштуу Кара-Булуң айылындагы 2023-жылдын «40 райондон 40 демилге» долбоорунун жеңүүчүлөрүнүн инновациялык демилгелеринин ишке ашуусу боюнча көчмө мониторинги жүргүзүлдү.

Маалым болгондой, Кыргызпатент тарабынан “40 райондон 40 демилге” долбоорунун жеңүүчүсү «Гидропоникалык тоют» долбоорунун автору Султанов Зарылбек Карыбекович Кыргызпатент тарабынан берилген 499 805 сомго тийиштүү жабдууларын жана дан азыктарын сатып алган. Алынган жабдуулары боюнча маалымат берип, жаз айы менен жаңы технологияларды колдонуу менен гидропоникалык тоюттарды өндүрүүнү ишке киргизээрин тастыктады. Жеңүүчү бүгүнкү күндө өз каражатына гидропоникалык тоюттарды өндүрүүгө атайын имарат курган.

Иш-чарага Кыргызпатенттин алдындагы Мамлекеттик фондунун Ойлоп табуучулук ишмердүүлүктү колдоо бөлүмүнүн башчысы А. Жетигенова, башкы адиси А. Бекбаева, ошондой эле Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын начальниги      А. Мүсүрканов, Агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын бөлүм башчысы            Н. Садабаев жана Изилдөөлөр жана реформаларды ишке ашыруу бөлүмүнүн башкы адиси У. Абдыалиев катышышты. Катышуучулар тийиштүү мониторинг жүргүзүү актысына кол коюшушту.

Ошондой эле, Нарын облусунун Ат-Башы районунда жайгашкан Кара-Булуң айылындагы “40 райондон 40 демилге” долбоорунун жеңүүчүсү “Жүндү кайра иштетүү, жүндөн органикалык жер семирткичтерди өндүрүү” долбоорунун автору Молдобаева Бегимжан Кыргызпатент тарабынан берилген 500 000 сомго жер семирткичтерди өндүрүүгө жүн сатып алган. Долбоор инновациялык технологияларды колдонуу менен жүндөн органикалык, гранулданган жер семирткичтерди өндүрүп келүүдө. Жаңы технология койдун чийки жүнүн кайра иштетип, эч кандай кошумчалары жок органикалык жер семирткичтеринин чыгуусун иш жүзүндө көргөздү.

Иш-чарага Кыргызпатенттин алдындагы Мамлекеттик фондунун Ойлоп табуучулук ишмердүүлүктү колдоо бөлүмүнүн башчысы А. Жетигенова, башкы адиси А. Бекбаева, ошондой эле Нарын облусунун Ат-Башы районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы — акими Э.Абдыкадыров жана Ат-Башы районундагы Казыбек айыл аймагынын башчысы Т. Стамкулов, Ат-Башы районундагы Кара-Булуңдун айыл башчысы К. Мамбетов катышышты. Катышуучулар тийиштүү мониторинг жүргүзүү актысына кол коюшушту.

Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
previous arrow
next arrow