“40 райондон 40 демилге” долбоору: 2022–2024-жылдардагы жеңүүчү демилгелердин ишке ашырылышынын жыйынтыктары

Интеллектуалдык менчик мамлекеттик фонду тарабынан, Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинин карамагында ишке ашырылып жаткан “40 райондон 40 демилге” долбоорунун алкагында 2026-жылдын I кварталына карата бир катар жакы жыйынтыктарга жетишилди. Долбоор аймактардагы инновациялык демилгелерди жана стартаптарды колдоо аркылуу экономиканын реалдуу секторлорун өнүктүрүүгө багытталган.

Отчеттук мезгилде жеңүүчү долбоорлордун басымдуу бөлүгү өндүрүш, айыл чарба, кайра иштетүү, кызмат көрсөтүү жана IT тармактарында туруктуу иш алып барууда.
Агроөнөр жай багытында ишке ашырылган долбоорлордо өндүрүш көлөмү кыйла жогорулап, “акылдуу” тамчылатып сугаруу, гидропоника жана агродрон сыяктуу заманбап технологиялар кеңири колдонулууда. Бул ыкмалар ресурстарды үнөмдөөгө жана түшүмдүүлүктү арттырууга олуттуу салым кошту.
Кайра иштетүү тармагында мөмө-жемиштерди кургатуу, эт жана сүт азыктарын өндүрүү, ошондой эле органикалык продукцияларды даярдоо боюнча долбоорлор кеңейип, ички рынокто туруктуу орун ээлей баштады. Айрым ишканалар экспорттук мүмкүнчүлүктөрдү да активдүү изилдеп жатышат.
Социалдык багыттагы демилгелердин алкагында мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн протездерди жана реабилитациялык жабдууларды өндүрүү улантылып, калктын аярлуу катмарын колдоого өзгөчө көңүл бурулууда.

Мындан тышкары, санариптик технологияларды өнүктүрүүгө багытталган стартаптар, анын ичинде жасалма интеллект жана маалымат базаларын түзүү боюнча долбоорлор активдүү фазада ишке ашырылууда.
Долбоорлорду ишке ашыруунун жыйынтыгында жалпысынан 162 жумушчу орун түзүлдү, анын ичинен 61и сезондук орундарды түзөт. Бул көрсөткүчтөр аймактарда ишкердик активдүүлүктүн жогорулашына олуттуу түрткү берүүдө.
2026-жылдын жыйынтыгына чейин негизги басым өндүрүш көлөмүн көбөйтүүгө, жаңы рынокторду өздөштүрүүгө, продукциянын сапатын жакшыртууга жана экспорттук потенциалды кеңейтүүгө жасалмакчы.
“40 райондон 40 демилге” долбоору аймактарды туруктуу өнүктүрүүдө жана инновацияларды колдоодо маанилүү инструмент катары өзүн актоодо.

Маалымат үчүн: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 29-июлундагы №411 токтомун ишке ашыруу максатында аймактарда инновациялык демилгелерди тандоо жана колдоо иштери жүргүзүлүп келген. Бул демилге өлкөнүн региондорунда жаңы идеяларды өнүктүрүүгө, ишкердикти колдоого жана заманбап технологияларды киргизүүгө багытталган.
Тандоонун жыйынтыгында инновациялык долбоорлорго 1 000 000 сомго чейин, ал эми стартап-долбоорлорго 500 000 сомго чейин каржылык колдоо көрсөтүлгөн. Бул колдоо жергиликтүү ишкерлерге жана демилгечилерге өз идеяларын ишке ашырууга шарт түзүп, жаңы жумуш орундары түзүлгөн.
Каржыланган долбоорлордун натыйжалуулугун камсыз кылуу максатында жыл сайын мониторинг жүргүзүлүп турат. Ошондой эле долбоор ээлери беш жыл аралыгында квартал сайын отчет берип, жобонун негизинде каражаттардын максаттуу пайдаланылышын жана долбоорлордун туруктуу өнүгүүсүн камсыздоого багытталган.
2025-жылы аталган долбоор токтотулуп, анын ордуна жаңы демилге иштелип чыгып, тиешелүү министрликке сунушталды.

Slide
Slide
previous arrow
next arrow