2026-жылдын 26-февралында Интеллектуалдык менчик мамлекеттик фонду тарабынан, Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинин карамагында, “40 райондон 40 демилге” долбоорунун алкагында 2025-жылдын жеңүүчүлөрү менен инновациялык долбоорлорду ишке ашыруу боюнча келишимдерге кол коюлду.
Аталган долбоор өлкөнүн аймактарындагы инновациялык демилгелерди колдоого, жергиликтүү ишкерлерди жана жаш ойлоп табуучуларды шыктандырууга, ошондой эле туруктуу аймактык өнүгүүнү камсыз кылууга багытталган.
Тандоонун жыйынтыгы боюнча жеңүүчү деп табылган долбоорлорго төмөнкү өлчөмдө каржылык колдоо көрсөтүлөт:
– бир инновациялык долбоорду ишке ашырууга – 1 000 000 (бир миллион) сомго чейин;
– бир стартап-долбоорду ишке ашырууга – 500 000 (беш жүз миң) сомго чейин.
Инновациялык долбоорлорду каржылоо келишимдин шарттарына ылайык, каражаттарды максаттуу жана натыйжалуу пайдаланууга жараша этап-этабы менен жүргүзүлөт.
“40 райондон 40 демилге” долбоору аймактарда инновациялык экосистеманы өнүктүрүүгө, жаңы жумуш орундарын түзүүгө жана өлкөнүн ар бир районунда идеядан – ишке, демилгеден – натыйжага карай ишенимдүү кадам таштоого өбөлгө түзөт.
Маалымат үчүн: 2025-жылдын 28-ноябрында “40 райондон 40 демилге” долбоорунун алкагында республиканын аймактарында иштелип чыккан инновациялык демилгелерди жана стартаптарды жыйынтыктоочу тандоо иш-чарасы өткөрүлгөн.
Иш-чаранын жүрүшүндө акселерациялык программаны ийгиликтүү аяктаган 20 катышуучу өз долбоорлорун тааныштырган. Сунушталган демилгелер министрликтердин, ведомстволордун жана жарандык коомдун өкүлдөрүнөн түзүлгөн ведомстволор аралык комиссия тарабынан каралып, жыйынтыгында эң мыкты деп табылган 8 демилгечи аныкталган. Жеңүүчүлөргө акча каражатын алуу укугун тастыктаган сертификаттар салтанаттуу түрдө тапшырылган.










