Объявление о приеме ходатайств на представление кандидатов для присуждения почетного звания «Заслуженный изобретатель Кыргызской Республики»

В целях поощрения граждан и признания их вклада в изобретательскую деятельность и развитие интеллектуального потенциала республики, Государственный фонд интеллектуальной собственности при Кыргызпатенте осуществляет прием ходатайств на представление кандидатов для присуждения Почетного звания «Заслуженный изобретатель Кыргызской Республики».

Порядок представления к государственной награде Кыргызской Республики осуществляется в соответствии с Законом Кыргызской Республики «О государственных наградах Кыргызской Республики», а также Положением о государственных наградах Кыргызской Республики.

Подробнее:

http://cbd.minjust.gov.kg/act/view/ru-ru/111664.

Право выдвижения Кандидатов на соискание Почетного звания представляется министерствам, ведомствам, научным и научно-исследовательским учреждениям, научно-техническим обществам и общественным организациям Кыргызской Республики (далее – Организации). Организации имеют право выдвигать только одного кандидата на соискание наград.

Организация, выдвинувшая кандидата на соискание Почетного звания, подает представление на бланке Организации, подписанном руководителем Организации и заверенном печатью в бумажном и электронном виде, с указанием номинации. К представлению прилагается выписка из протокола заседания Ученого совета, либо общего собрания трудового коллектива о выдвижении кандидата на соискание почетного звания.

На каждую кандидатуру, представляемую к государственной награде, заполняется наградной лист установленного образца (формы №1), выписка из протокола общего собрания коллектива, копия трудовой книжки, 2 фото (3х4), копии наградных документов кандидата заверенные нотариально.

Согласно пунктам 4, 25 и 26 Порядка представления кандидатов на присуждение почетного звания «Заслуженный изобретатель Кыргызской Республики» утвержденного постановлением Коллегии Кыргызпатента от 25 сентября 2019 года №35:

1 Рассмотрение и оценка материалов, представленных на соискание Почетного звания, осуществляется Президиумом Совета изобретателей при Кыргызпатенте.

  1. Кыргызпатент направляет соответствующие представления в Секретариат комиссии по государственным наградам при Президенте Кыргызской Республики.
  2. Члены Президиума Совета изобретателей не вправе претендовать на почетное звание.

Подробнее: http://fund.patent.kg/?page_id=1117

Срок подачи представлений до 1 ноября 2022 г.

Документы принимаются по адресу: 720021 г. Бишкек, ул. Московская, 62.

Справки по тел. 0312 68 04 71, моб.: 0550402050 Имангазиева Венера e-mail: v.imangazieva@patent.kg.

 

 

 

“Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген ойлоп табуучусу” Ардактуу наамын ыйгарууга сунуштарды кабыл алуу жөнүндө жарыя

Кыргызпатенттин алдындагы Интеллектуалдык менчик мамлекеттик фонду жарандардын ойлоп табуучулук ишмердүүлүгүнө жана өлкөбүздүн интеллектуалдык потенциалынын өнүгүүсүнө кошкон салымын таануу, ошондой эле сыйлоо максатында “Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген ойлоп табуучусу” Ардактуу наамын ыйгаруу үчүн талапкерлердин сунуштарын кабыл алат.

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыгына сунуштоо тартиби “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктар жөнүндө” Мыйзамына, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктар жөнүндөгү Жобосуна ылайык жүргүзүлөт.

Кененирээк: http://cbd.minjust.gov.kg/act/view/ru-ru/111664.

Ардактуу наамды алууга талапкерлигине көрсөтүү укугу Кыргыз Республикасынын министрликтерине, ведомстволоруна, илимий жана илим-изилдөө мекемелерине, илимий-техникалык коомдоруна жана коомдук уюмдарына берилет (мындан ары – Уюмдарга).

Уюмдар сыйлыктардын талапкерлигине бир Талапкерди гана көрсөтүү укугуна ээ.

Талапкерлерди көрсөткөн уюмдардын жетекчисинин колу, мөөрү, күбөлөндүргөн бланкка номинацияны көрсөтүү менен кагаз жүзүндө жана анын электрондук түрүн сунуштайт. Сунушка Окумуштуулар Кеңешинин протоколунун же жалпы эмгек жамаатынын жыйынынын көчүрмөсү тиркелет.

Мамлекеттик сыйлыкка сунушталып жаткан ар бир талапкерге бекитилген үлгүдөгү (№1форма) сыйлык баракчасы, иштеген жеринен талапкерди талкуулоо протоколунун көчүрмөсү, 3х4 өлчөмүндө эки сүрөт, алган сыйлыктардын, патенттердин жана эмгек китепчесинин көчүрмөлөрү нотариалдык жактан күбөлөндүрүлүп жөнөтүлүшү керек.

Кыргызпатенттин Коллегиясынын 2019-жылдын 25-сентябрында №35 токтому менен бекитилген “Кыргыз Респубдикасынын эмгек синирген ойлоп табуучусу” деген ардактуу наамга” талапкерлерди көрсөтүү тартибинин 4, 25 жана 26-пункттарына ылайык:

  1. Ардактуу наамды алууга сунушталган материалдарды кароо жана баалоо Кыргызпатенттин алдындагы Ойлоп табуучулар кеңешинин Президиуму тарабынан жүзөгө ашырылат.
  2. Кыргызпатент тиешелүү сунуштоону Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик сыйлыктар боюнча комиссиянын катчылыгына жөнөтөт.
  3. Ойлоп табуучулар кеңешинин Президиумунун мүчөлөрү ардак наамга талаптанууга укуксуз.

Кененирээк: http://fund.patent.kg/?page_id=1117

Сунуштар 2022-жылдын 1-ноябрына чейин кабыл алынат.

Документтер төмөндөгү дарек боюнча кабыл алынат: 720021 Бишкек шаары, Москва көчөсү, 62

Сурап билүү телефону: 0312 68 04 71, моб.: 0550402050 Имангазиева Венера e-mail: v.imangazieva@patent.kg