“Саамалык-17” республикалык адабий конкурсунун жыйынтыгы чыкты

“Саамалык-17” республикалык адабий конкурсунун жыйынтыгы чыкты
Бүгүн, 6-июнда, Кыргызпатентте «Саамалык» республикалык адабий конкурсунун жыйынтыгын чыгаруу боюнча Калыстар тобунун отуруму өттү. Отурумга калыстар тобунун мүчөлөрү катышты.
Калыстар тобунун мүчөлөрү конкурстун көпчүлүк катышуучуларынын чыгармаларындагы жалпы мүнөздүү көрүнүш жана мүчүлүштүк катары адабий тилдин нормалары сакталбай калган учурлар басымдуу кылары, грамматикалык, орфографялык каталары абдан көптүгү, уйкаштыкты кууп отуруп, ырдын өзөгү тургай, маанисин жоготкондор да жок эместиги, ошону менен бирге ойду берем деп отуруп, көлөм жагын да чоюп жибергендер бар экенин бир ооздон белгилешти.
Мындан сырткары конкурска калемгерлердин жаш курагы да, кесиби да, чыгармалары да ар түрдүү болуп, арасында мектепте окуган окуучулардан тартып, студенттер, орто, улуу муундагы адамдардын өкүлдөрү катышканын айтышты. Ошондой эле конкурска сунушталган чыгармаларда кыргыз адабиятында мурдатан келаткан Мекен, ата-эне, махабат, табият сыяктуу түбөлүктүү темалар менен катар, учурдун актуалдуу көйгөйү болгон чек ара бүтүндүгү, ички-тышкы миграция, диний ишенимдер да чагылдырылгандыгы бүгүнкү кыргыз адабиятынын кечээгиден айырмасын көрсөтүп, ошону менен бирге өзгөчөлөнтүп турарын билдиришти. Ошентсе да арасында идиректүү, шыктуу калемгерлер бар экенин, али жаш болсо да, айрымдары мектепте окуса да кадыресе калеми төшөлгөн жазмакерлердей чыгармаларды жаратканын айтышты.
Белгилей кетсек, Калыстардын курамында кимдер бар экени баарына белгисиз болду. Чыгармачылыкка жаңыдан кадам таштаган авторлор арасындагы “Саамалык – 17” республикалык адабий конкурсу 2022-жылдын 1-декабрында жарыяланып, 2023-жылдын 25-апрелине чейин өтүнмөлөр кабыл алынган. Конкурска жалпысынан 106 автордон кайрылуу келип түшкөн. Анын ичинен 76 автордон 8 проза, 66 поэзия кабыл алынып, Калыстар тобуна жөнөтүлгөн. Ал эми конкурстун жобосунун талабына жооп бербеген 30 автор сынактан четтетилген.
Калемгерлердин туңгуч чыгармалары топтолгон «Саамалык» адабий альманахы 2000-жылдан бери жарык көрүп келет.
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
previous arrow
next arrow