ЖАШ ГЕНИЙЛЕРДИН ТАЛАНТТАРЫНА ДЕМ БЕРҮҮ

Кыргызпатенттин интеллектуалдык менчик мамлекеттик фонду ойлоп табуучу балдардын эл аралык күнүн өткөрдү. Республикадагы бардык орто билим берүү мекемелери катышкан атайын иш-чара уюштурду. Ага Республиканын бардык аймактарынан беш миңден ашык жаратман окуучулар өздөрү ойлоп тапкан жаңычыл эмгектери менен катышышты. Ал  эми алыскы аймактардагы  чыгармачыл борборлор жана мектептер онлайн түрүндө  жасалган эмгектерин  көрсөтүштү.