ЖЫЛДЫН МЫКТЫ КИТЕБИ аныкталды
2024-жылдын 1-ноябрында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар агенттиги (Кыргызпатент) Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Мамлекеттик китеп палатасы менен биргелешип уюштурган “Жылдын мыкты китеби” конкурсунун жеңүүчүлөрүн аныктоо боюнча Калыстар тобу жыйынтыктоочу отурумду өткөрдү.
Конкурстун максаты – басылма ээлерин, инновациялык идеяларды жана тажрыйбаларды колдоо, мыкты китептерди коомчулукка жайылтуу, жаңы ысымдарды чыгаруу, оригиналдуу басылмаларды аныктоо, көркөм дизайн жана полиграфиялык жактан сапаттуу аткарылган чыгармачылык иштерди элге таанытуу болуп эсептелет.
Конкурска 2023-2024-жылдары 20га жакын басмаканада жарык көргөн 400дөн ашык китеп келип түшүп, анын ичинен Калыстар тобу проза багыты боюнча – 13 китепти, поэзия – 8, балдар адабияты боюнча – 11 китепти, эки басманы сын элегинен өткөрүштү. Ал эми мыкты китептерди тандоодо Жобонун талабына ылайык, төмөнкүдөй критерийлерге басым жасалды: көркөмдүүлүк, актуалдуулук жана оригиналдуулук, чыгармачыл ойдун жаңычылдыгы, полиграфиялык аткаруунун деңгээли, нускасы ж.б.
Жыйынтыгында Калыстар тобунун чечими менен төмөнкүлөр “Жылдын мыкты китеби” конкурсунун жеңүүчүлөрү деп табылды:
— “Жылдын мыкты прозасы” номинациясы боюнча Бекмамат Атакановдун “Тайгада калган өмүр” китеби;
— “Жылдын мыкты поэзиясы” номинациясы боюнча Бурулкан Сарыгулованын “Мендеги мезгил” китеби;
— “Жылдын мыкты балдар адабияты” номинациясы боюнча Насыпбек Асанбаевдин “Чыныгы башчы” китеби;
— “Жылдын басмасы” номинациясы боюнча “Турар” басмасы;
Ошондой эле баш байге, жылдын өзгөчө басылмасы деп аныкталган “Жылдын мыкты китеби” номинациясы Ишен Айтмамбетовдун “Бет-Алман” китебине ыйгарылды.
Калыстар тобунун курамына Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзунун мүчөлөрү, белгилүү акын-жазуучулар, адабият таануучулар, филология илимдеринин докторлору, профессорлор кирген.
Белгилей кетсек, “Жылдын мыкты китеби” конкурсунун жеңүүчүлөрүнө сыйлыктар жана дипломдор Улуттук адабият күнүнө карата 6-декабрда Кыргызпатенттин алдындагы Инновациялык борбордо салтанаттуу түрдө тапшырылат.