“40 район – 40 китеп” адабий конкурсуна өтүнмөлөрдү кабыл алуу аяктады

Кыргызпатент  аймактардагы авторлорду, чыгармачыл жарандарды колдоо, китептерин чыгарып берүү жана коомчулукка тааныштыруу, жайылтуу максатында жарыялаган “40 район – 40 китеп” алабий конкурсуна өтүнмөлөрдү кабыл алуу аяктаганын билдирет. Конкурска катышуу үчүн жалпысынан 70ке жакын кайрылуу келип түшкөн.

Анын ичинен конкурстун талаптарына ылайык келген чыгармачылык иштер Калыстар тобуна жөнөтүлөт. Калыстар тобунун курамына Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзунун өкүлдөрү, адабият таануучулар, окумуштуулар, белгилүү акын-жазуучулар киргизилет.

Маалымат үчүн: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 6-сентябрындагы №536 тескемесин аткаруу максатында Кыргызпатент “40 район – 40” китеп” адабий конкурсуна катышуу үчүн  2024-жылдын 1-ноябрынан 31-декабрына чейин өтүнмөлөрдү кабыл аларын жарыялаган.

Slide
Slide
Slide
Slide
previous arrow
next arrow