Кыргызпатент «Жаш жаратман» конкурсун жарыялайт
«Жаш жаратман» сынагынынжеңүүчүсүболгуңузкелеби?Бул келечектеги студенттер, ойлоп табуучулар, инженерлер, робототехника жана IT-технологиялар тармагындагы адистер үчүн чоң мотивация деп эсептейбиз.Биздин конкурс так илимдерди, техникалык адистикти тандоо менен сиздер үчүн жакшы башталыш болот деп ишенебиз, келечекте инновациялык бизнесиңизди курасыз.
Бул чыгармачыл долбоорлор жана ойлоп табуучулук идеялар дүйнөсүнө берилген уникалдуу жолдомо эле эмес, ал өлкөбүздүн жаш конструкторлору жана ойлоп табуучулары үчүн Кыргызстандын экономикалык өнүгүшүнө салым кошууга берилген эӊ сонун мүмкүнчүлүк.
Конкурска катышуу үчүн өтүнмөнүн формасын төмөнкү электрондук дарекке жөнөтүү зарыл: gosfond.patent@patent.kg, a.sulaymanova@patent.kg же дареги боюнча: 720021 Бишкек ш., Москва көч., 62, ИМ Мамфонд.
Өтүнмөлөрдү берүү мөөнөтү 2025-жылдын 1-февралынан — 20-апрелге чейин кабыл алынат.
Толук маалымат үчүн: 0555421421, 0700917917 вотсап.
![](http://fund.patent.kg/wp-content/uploads/slider/cache/b662323dfb084abe45f9d1a76345f850/на-Фб-инстаграм.jpg)
![Slide](https://i0.wp.com/fund.patent.kg/wp-content/uploads/slider/cache/6641d16dec99ab341f620b655209b206/%D0%BD%D0%B0-%D0%A4%D0%B1-%D0%B8%D0%BD%D1%81%D1%82%D0%B0%D0%B3%D1%80%D0%B0%D0%BC.jpg?w=780)