"Интеллектуалдык менчик билим кербени-2025” Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарында.

Иш-чаранын негизги максаты Долбоор Кыргызстанда жашаган калктын интеллектуалдык менчик (IP) системасы боюнча маалымдуулугун жана окууга кызыгуусун жогорулатуу, интеллектуалдык менчик маселелерин түшүнүүсү, формалдуу билимде гана эмес конкреттүү иш -чараларды өткөрүү болуп саналат.

Иш-чаранын биринчи күнү билим кербени Баткен облусунда өтүп, интеллектуалдык менчикти коргоого арналган ар бир облус боюнча мамлекеттик кызматкерлерге, бажы кызматкерлерине, жеке сектордун өкүлдөрүнө, ошондой эле билим берүү жана маданият кызматкерлерине багытталган кыска мөөнөттүү курстар өткөрүлдү. Курстардын тематикасы интеллектуалдык менчик объекттерин укуктук коргоо жана аларды сактоо боюнча негизги маселелерди камтыйт, анын ичинде патенттер, товардык белгилер, автордук укуктар жана башка интеллектуалдык менчик чөйрөсүндөгү актуалдуу темалар.

Баткен облусундагы иш-чарага мамлекеттик жана жеке уюмдардын өкүлдөрү, жергиликтүү бийлик органдарынын кызматкерлери, Мамлекеттик бажы кызматынын өкүлдөрү, билим берүү мекемелеринин жана жеке ишкерлердин катышуусу болду. Курстун жыйынтыгы менен катышуучуларга сертификаттар тапшырылды.
Иш-чаранын алкагында ошондой эле Кыргызпатенттин каржылоосу менен өткөн инновациялык долбоорлордун көргөзмөсү уюштурулуп, “40 район — 40 демилге” аттуу республиканын ар кайсы аймактарынан келген финалисттердин долбоорлору көрсөтүлдү. Бул катышуучуларга интеллектуалдык менчик чөйрөсүндөгү актуалдуу жана келечектеги долбоорлорду таанып-билүүгө мүмкүнчүлүк берди.

STEM – билим берүү багыты боюнча
Ноокат райондук балдардын чыгармачылык борбору тарабынан 2025- жылдын 8-апрелинде “ИННОВАЦИЯЛАРГА КАРАЙ ЖОЛ” аттуу семинар өткөрдү. Билим берүү мекемелеринен техникалык чыгармачылыкка жөндөмдүү, жаратман окуучулар жана мугалимдер катышты.

Мамлекеттик фондунун чыгармачылык демилгелерди шыктандыруу бөлүмүн башчысы Түлөбердиева Дамира Мукашевнанын жекчилигинде уюштурулуп,
“Мээрим” балдар билим борборунун ийрим жетекчиси Нарматалиев Мирлан, Б Сыдыков атындагы Кыргыз – Өзбек Эл аралык Университетинин Физика – математика илимдеринин кандидаты, профессор Жээнтаева Жумагүл Кенешовна, КӨЭАУнун профессору Өмурбекова Гулзат Кочкорбаевна, КРнын УИАнын мүчө- корреспонденти.Техника илимдеринин кандидаты, профессор Калдыбаев Нурлан Арзымаматович, ОшТУнун “Кесипке окутуунун технологиясы” кафедрасынын доценти Машив Медетбек Айтмаматович өз докладдары менен сүйлөштү.
Катышуучулар санариптик сабаттуулук боюнча кенири маалыматтарга ээ болушту.

Семинар өз максатына жетип, мугалимдерге сертификаттар берилди.

9-апрель күнү окуу-семинарга Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын кызматкерлери (социалдык-экономикалык өнүгүү жана билим берүү бөлүмдөрү), айыл өкмөт башчылары, университет окутуучулары, орто мектеп мугалимдери, чакан жана орто бизнес өкүлдөрү, аймактык бажы органдарынын өкүлдөрү, укук коргоо органдарынын өкүлдөрү катышышты.

Slide
Slide
Slide
previous arrow
next arrow