2025-жылдын 11-апрелинде Кыргызпатентке караштуу Интеллектуалдык менчик мамлекеттик фонду тарабынан М. Адышев атындагы Ош технологиялык университетинде Технологияларды жана инновацияларды колдоо борборунун (ТИКБ) түштүк аймагындагы координаторлору үчүн «ТИКБнын көйгөйлөрү жана келечеги» окуу семинарын өткөрүштү.

Иш-чарада М. Адышев атындагы Ош технологиялык университетинин базасындагы ТИКБнын, Б. Осмонова атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин базасындагы ТИКБнын жана Ош облустук китепканасынын базасындагы ТИКБнын координаторлору өздөрүнүн ишмердүүлүгүнүн натыйжалары жана ойлоп табуучулук-инновациялык иш-аракеттерди жөнүндө маалымат беришти.

Окутуу семинардын алкагында катышуучулар интеллектуалдык менчик объектилеринин негизги түшүнүктөрү боюнча, патенттик маалыматты издөөнүн принциптери жана ыкмалары жөнүндө, патентке өтүнмөлөрдү түзүү тартиби жөнүндө, интеллектуалдык менчик объектилерин каттоо тартиби, маалымат базалары жөнүндө, өнөр жай менчигинин объектилерине экспертиза жүргүзүү этаптары боюнча, ошондой эле патенттерди эл аралык каттоого көмөктөшүүчү эл аралык келишимдер жана автордук укук объектилерин каттоо, өтүнмө берүүнүн эрежелери менен таанышышты.

Окуу семинардын жыйынтыгында ТИКБнын ишмердүүлүгүнүн багыты боюнча квалификациясын жогорулатуу максатында семинар, окутуу курстары үзгүлтүксүз өткөрүлүп туруусун жана, ТИКБ аркылуу интеллектуалдык менчиктин объектисине карата берилген өтүнмөлөрдү кабыл алуусун сунуштады. Ошондой эле ТИКБнын ишмердүүлүгүн бекемдеп, STEM билим берүү системасы менен биргеликте ишөөнү жана ТИКБнын кординаторлоруна айлык акы төлөө системасын ойлоп чыгып, иш жүзүндө ашырууну сунушташты.

Семинардын аягында “Мыкты технологияларды жана инновацияларды колдоо борбору” конкурсунун жеңүүчүлөлрү М. Адышев атындагы Ош технологиялык университетинин базасындагы ТИКБга жана Ош облустук китепканасынын базасындагы ТИКБга Мамлекеттик фондунун ыраазычылык каты жана проектор менен сыйланышты.

Маалымат катары: Кыргызпатент тарабынан өлкөбүздүн аймактарында, 25 Технологияларды жана инновацияларды колдоо борборлору (ТИКБ) ачылган. Бүгүнкү күндө республиканын 17 жогорку окуу жайларында, 5 илимий институттарында жана 3 ири китепканаларында ТИКБлар кызмат көрсөтүп келишет.

ТИКБларды ачуу жана кызмат көрсөтүү Интеллектуалдык менчик Бүткүл дүйнөлүк уюмунун (ИМБДУ) пилоттук долбоору. 2010-жылы Кыргызпатент жана ИМБДУ ушул долбоорду ишке ашыруу боюнча Макулдашууга кол коюшкан.

ТИКБлардын максаты интеллектуалдык менчик объектилерин каттоо боюнча, патенттик маалымат ресурстарына акысыз кирүүгө мүмкүнчүлүк берүү, ошондой эле инновациялык ишмердүүлүктү пропагандалоо жана жалпыга жайылтуу болуп саналат.

Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
previous arrow
next arrow