“40 райондон 40 демилге” долбоору боюнча, Кыргыз Республикасынын аймактарында иштелип чыккан инновациялык демилгелерди, стартаптарды 2025-жылдын тандоосуна катышуу үчүн келип түшкөн өтүнмөлөр жөнүндө жалпы маалымат

Тандоого жалпысынан 209 өтүнмө келип түшкөн, анын ичинен 81 инновациялык демилге катары, 128 стартап катары түшкөн.

Жалпы өтүнмөлөрдүн ичинен 176 өтүнмө жеке жактардан, 33 өтүнмө юридикалык уюмдардан катталды. Ошондой эле, 152 өтүнмө мамлекеттик тилде толтурулуп берилген, 57 өтүнмө расмий тилде берилген.

Өтүнмөлөрдүн  келип түшкөн динамикасы:

Февраль айында -23 өтүнмө;

Март айында -26 өтүнмө;

Апрель айында – 94 өтүнмө;

Май айында – 66 өтүнмө.

Гендердик өтүнмөлөрдүн саны боюнча:

93 арыз эркек өкүлдөрдөн келип түшкөн;

116 арыз аял өкүлдөрүнөн келип түшкөн.

Эскерте кетсек, өтүнмөлөр эч кандай чектөөсүз, экономиканын бардык секторунун багыттары боюнча кабыл алынган.

Тандоонун тартиби боюнча тандоо мөөнөтү 5 айды түзүп жана 3 этап менен өткөрүлөт. Биринчи этапта, Ведомстволор аралык комиссия тарабынан долбоорлор алдын ала тандалат, андан соң экинчи этапта алдын ала тандалган катышуучулар 2 айлык акселлерациялык программадан өтүшөт.

____________________________________________________________________________________________________________________

2025-жылдын тандоосуна жалпысынан 209 өтүнмө келип түштү, анын ичинен 81 инновациялык демилге, 128 стартап катары катталды.

Региондор боюнча бөлүштүргөндө:

Жалал-Абад облусунан – 46 өтүнмө, Баткен облусунан  – 36 өтүнмө,  Нарын облусунан – 35 өтүнмө, Ош облусунан – 33 өтүнмө, Чүй облусунан – 27 өтүнмө, Ысык-Көл облусунан – 19 өтүнмө, Талас облусунан – 13 өтүнмө келип түштү.

Жалпы өтүнмөлөрдүн ичинен 176 өтүнмө жеке жактардан, 33 өтүнмө юридикалык уюмдардан келип түштү. Ошондой эле, 152 өтүнмө мамлекеттик тилде, 57 өтүнмө расмий тилде берилген.

Өтүнмөлөрдү гендердик бөлүштүрүү боюнча – 93 өтүнмө эркектерден, 116 өтүнмө аялдардан келип түштү.

Тармактар боюнча бөлүштүргөндө:

Өндүрүш – 114; Айыл чарба – 22; Кызмат көрсөтүү – 36; IT– 20; Кайра иштетүү – 8; Билим берүү – 17; Туризм – 9.