Бүгүн, 2025-жылдын 28-майында Интеллектуалдык менчик мамлекеттик фонду “Жаш жаратман” конкурсун онлайн форматта өткөрдү.

Иш-чарага калыстар тобу жана Бишкек, Чүй жана Нарын облусунан жалпы 68 окуучу катышып, биринчи күнү ийгиликтүү аяктады.

“Жаш жаратман” конкурсу жалпы 3 күн (28-30-майга чейин) өтөөрүн маалымдайбыз.

Айта кетсек, иш-чарага Балдар жана жаштарга колдоо көрсөтүү, алардын интеллектуалдык менчик маселелерине болгон кызыкчылыгын арттыруу максатында 2025-жылдын планына ылайык “Жаш жаратман” конкурсу январ айында жарыяланган.

Конкурска 7-18 жашка чейинки таланттуу мектеп окуучулары, жаштар, балдар билим берүү борборлорунун ийрим мүчөлөрү, жаңы инновациялык долбоорлор, иштелмелери менен ошондой эле ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдар өз долбоорлору менен катыша алышкан.

Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
previous arrow
next arrow