“Жаш жаратман” конкурсу жыйынтыкталды

Балдар жана жаштарга колдоо көрсөтүү, алардын интеллектуалдык менчик маселелерине болгон кызыкчылыгын арттыруу максатында 2025-жылдын иш-чаралар планына ылайык “Жаш жаратман” конкурсу январ айында жарыяланып, конкурска 7-18 жашка чейинки таланттуу мектеп окуучулары, жаштар, балдар билим берүү борборлорунун ийрим мүчөлөрү, жаңы инновациялык долбоорлор, иштелмелери менен катышты.

“Жаш жаратман” конкурсу бүгүнкү күнү жаш ойлоп табуучулар өздөрүнүн илимий жана инженердик жөндөмдөрүн көрсөтүүгө чоң мүмкүнчүлүк алып, өздөрүнүн таланттарын көрсөтө алышты. Кыргызстан боюнча бардык аймактардан конкурска окуучулар кызыгуу менен даярданып, алгач жергиликтүү таңдоо турларынан өтүп республикалык деңгээлде өздөрү билим алып жаткан мектеби же балдар билим же чыгармачылык борборлорунун намысын татыктуу коргоо үчүн аракеттеништи.

Даярдалган долбоорлор өткөн жылдарга салыштырмалуу инженердик-техникалык эсептерди абдан сабаттуу түрдө эске алуу менен даярдап, конкурска катышкан балдардын да, аймактардагы орто мектептердин саны өсүүдө.

Өтүнмөлөр 2025-жылдын 1-февралынан 20-апрелге чейин кабыл алынып, бардыгы 225 катышуучу финалга чыгып  өтүнмөлөрүн тапшырып үлгүрүшкөн. Ошондой эле сынакка катышкан окуучулар 167 долбоор алып чыгышты.

Облус боюнча бөлүштүрүлгөндө:

  • Бишкек шаары– 32 катышуучу;
  • Чүй облусу, Жайыл району- 7,

Аламүдүн району – 2,

Биринчи май району- 7,

Сокулук району – 2,

Панфилов району – 4.

  • Баткен облусу, Кадамжай району – 8,
  • Ош облусу, Ноокат району – 42 катышуучу;

Араван району – 13 катышуучу;

Чоң-Алай району- 8;

Алай району– 4,

Кара-Суу району – 19;

Өзгөн району– 20;

  • Нарын ш.– 3;

Ат-Башы району-8,

Ак-талаа- 1,

Миң-Булак- 2,

  • Ысык-Көл облусу,

Тюп  району- 9;

Ак-Суу району- 11,

Каракол – 1,

Тоң району – 3,

Балыкчы – 7.

Калыстар тобунун отуруму 2025-жылдын 5-июнунда онлайн форматта өтүп, алардын чечими менен төмөнкү окуучулар конкурстун жеңүүчүлөрү деп табылды:

“Табигый кырсыктарды алдын алуу жана аныктоо, алардын кесепеттерин жоюу боюнча ойлоп табуулар (технологиялар, иштелмелер, метотодтор ыкмалар)” номинациясы боюнча:

I даражадагы диплом жана баалуу белек менен:

Айтикулов Нурислам Экспонат “Сак бол” жер титирөө – Ош облусунун Кара-Суу районундагы №53 орто мектебинин 8-классынын окуучусу.

II даражадагы диплом жана баалуу белектер менен:

Урустамбеков Акбар, Урустамбеков Амир, Омурова Алия, Абдыкалыков Джамаль “Марсоход” – Бишкек шаарынын №64 орто мектебинин 7-классынын окуучулары;

– Солтоев Давлет “Мехадом” – Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы Т. Салиев атындагы мектебинин 10-классынын окуучусу.

III  даражадагы диплом жана баалуу белек менен:

  • Омурова Айдана “Имбирь таблетка” – Бишкек шаарынын №64 орто мектебинин 9-классынын окуучусу;
  • Абдыкааров Адилет “Чагылгандан коргоону” – Ош облусунун Араван районундагы №48 “Гулбаар” орто мектебинин 8-классынын окуучусу.

Кызыктыруучу сыйлыктар, диплом жана баалуу белектер менен:

  • Бегботоева Мадина, Абдимиталипова Мадина “Тоолуу жерге туннель куруу” – Ош облусунун Алай районундагы А. Саит атындагы инновациялык орто мектебинин 7-классынын окуучулары.

“Эс алууну уюштуруу жана билим берүүнү жакшыртуу үчүн ойлоп табуулар” номинациясы боюнча:

I даражадагы диплом жана баалуу белек менен:

  • Талгарбекова Медина “Кымыз бышуу”, “Талкан күшөгүч” – Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы Т. Ирзымамбетов атындагы орто мектебинин 7-классынын окуучусу;
  • Романова Акмөөр, Маматнасирова Мадина “Заманбап тротуарлар” – Ош облусунун Өзгөн районундагы №24 мектебинин 8-классынын окуучулары.

II даражадагы диплом жана баалуу белек менен:

  • Букашева Акылай “QR код менен билерик” – Ысык-Көл облусунун Тюп районундагы К. Усенбеков атындагы №2 мектебинин 8- классынын окуучусу;
  • Уланов Шерзат “Автоматташтырып сугаруу” – Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Ж. Асаналиев атындагы орто мектебинин 9- классынын окуучусу;
  • Истамбаев Марат “Айыл чарбага дары чача турган жана суугара турган робот” – Ош облусунун Өзгөн районундагы Т.Ташмаматов атындагы №25 орто мектебинин 8-классынын окуучулары;
  • Медетбеков Нияз, Суйунбаев Нуралли “Келечектеги автобус” – Ош облусунун Өзгөн районундагы Б. Асранкулов атындагы №25 орто мектебинин 8-классынын окуучулары.

III  даражадагы диплом жана баалуу белектер менен:

  • Мансурова Асел, Камбаралиева Жанайым “Жаратылыш жараткан ар түрдүу формадагы таштардын жардамы менен окуучулардын интеллектуалдык көз карашын аныктоо жана байкоо жүргүзүү” – Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Т. Жайылов атындагы №106 мектебинин 5- классынын окуучулары;
  • Мустапаев Файзулла “Мекен чегиндеги акылдуу сакчы 2025 Таза сууга тазалык” – Ош облусунун Ноокат районундагы Ибрагим уулу Ысмайыл атындагы мектебинин 9-классынын окуучусу;
  • Бактыгулова Сауле “Улуттук сыймык паркы” – Бишкек шаарынын №84 орто-мектебинин 9-классынын окуучусу.

Кызыктыруучу сыйлыктар, диплом жана баалуу белек менен:

  • Турусбекова Айзирек “Кесиптер шаары I-Land” – Бишкек шаарынын төмөнкү Ала Арча №111 мектебинин 11-классынын окуучусу;
  • Абдымомунов Шерислам “Көчмөндөр оюндарда” – Ош облусунун Алай районундагы Балдар чыгармачылык борборунун 8-классынын окуучусу;
  • Жанышев Алинур “Подъемник- көтөрүү” – Жалал Абад шаарынын Илим мектебинин 5-классынын окуучусу;
  • Жунусалиев Байхан, Камалов Искендер “Чарли” роботу – Жалал Абад шаарынын №14 орто мектебинин 6-классынын окуучулары.

“Айыл чарба жана тамак-аш өнөр жай тармагындагы ойлоп табуулар (технологиялар, буюмдар, приборлор, ыкмалар)” номинациясы боюнча:

I даражадагы диплом жана баалуу белек менен:

  • Джумабекова Камила “Комбайн” – Кара Балта шаарынын А. С. Макаренко атындагы № 10 мектеп-гимназиянын 10- классынын окуучулары;
  • Бакытбеков Досмухаммед “Гибрид печка” – Ош облусунун Ноокат районундагы М. Нурматов атындагы орто мектебинин 10-классынын окуучусу.

II даражадагы диплом жана баалуу белектер менен:

  • Маматалиев Билал, Абдрахманов Нурсултан “SOiLLQ Ардунио базасында топуракты анализдөө жана автоматташтыруу модулдук станциясы” – Бишкек шаарынын Ленин районунун Жаш техниктер станциясынын окуучулары;
  • Ахмедов Али-Имран “Жүгөрүнү майдалоо” – Ош облусунун Ноокат районундагы К. Колдошов атындагы орто мектебинин 7-классынын окуучусу;
  • Догтурбеков Акылбек “Механикалык чөп байлагыч” – Ош облусунун Өзгөн районундагы Ж. Бөкөнбаев атындагы №24 орто мектебинин 8-классынын окуучусу.

III  даражадагы диплом жана баалуу белектер менен:

  • Жанибек кызы Кайрынса, Нурдунова Жумакан “Алма кескич” – Ош облусунун Ноокат районундагы М. Мамытов атындагы “Жийде” орто мектебинин 9-классынын окуучусу;
  • Абдулазизова Мээримгүл “Эко Sweets таттуулар” – Баткен облусунун Кадамжай районундагы №17 А. Масалиев атындагы орто мектебинин 5-классынын окуучусу;

           – Ашимов Алияр “Комплекстүү механизм” – Токмок шаарынын, балдардын өспүрүмдөр чыгармачылык борборунун окуучусу.

Кызыктыруучу сыйлыктар, диплом жана баалуу белек менен:

  • Жаанбаев Зухриддин “Көп функциялуу акылдуу трактор” – Ош облусунун Ноокат районундагы Ноокат Билимкананын 8-классынын окуучусу;
  • Абдрахманов Умар “Сугаруу машина (унаа)” – Чүй облусунун Жайыл районундагы №6 мектеп-гимназиясынын 4-классынын окуучусу;
  • Айткулов Э “Бетон аралаштыргыч” – Чүй облусунун Сокулук районундагы Таң Чолпону Балдар чыгармачылык борборунун 8-классынын окуучусу;
  • Аскарбекова Тинатин, Жумушалиева Асема “Тамчылатып сугаруу системасы менен камсыздалган заманбап күнөскана” – Чүй облусунун Сокулук районундагы Е. Кожомкулов атындагы орто мектебинин 8-классынын окуучулары;
  • Джаныбеков Вазир “Калдыкты чогултуу үчүн таштанды унаа. Тазалык бот” – Талас облусунун Талас районундагы Талас райондук балдарга билим берүү борборунун “Интеллект” робототехника ийриминин 4-классынын окуучусу.

“Экология  жана айлана-чөйрөнү коргоо тармагындагы ойлоп табуулар” номинациясы боюнча:

I даражадагы диплом жана баалуу белек менен:

  • Эркинова Сезимай “Аба тазалагыч аппарат “Таза дем” – Ош облусунун Кара-Суу районундагы К. Момбеков атындагы №101 орто мектебинин 11-классынын окуучусу.

II даражадагы диплом жана баалуу белек менен:

  • Саимбетов Нурсултан – Электрондук сервис POSMETAM” – Ош облусунун Өзгөн районундагы Мээрим Балдар чыгармачылык борборунун 9- классынын окуучусу;
  • Алтынбекова Ширин, Бакытбеков Алихан “Суу резервуарын куруу, Гидротехника суу чарбасы” – Бишкек шаарынын Биринчи май районундагы №69 Т.Сатылганов атындагы мектебинин 8-классынын окуучулары;
  • Кадырбеков Тимурлан “TIM Filtre аба тазалагыч” – Чүй облусунун Жайыл районундагы Кара Балта №1 мектебинин 10-классынын окуучусу;
  • Колдошов Аскат “Электр энергиясы менен иштеген отун жаруучу аппарат жасоо” – Ош облусунун Ноокат районундагы Т. Айбашев атындагы орто-мектебинин 11-классынын окуучусу.

III  даражадагы диплом жана баалуу белек менен:

  • Курмангожоев Ясин “Танка Ак илбирс” – Чүй облусунун Панфилов районундагы К. Жумагулов атындагы мектебинин 10-классынын окуучусу;
  • Өмүрбек кызы Абия, Дженишбеков Эмир, Сагынбекова Мээрим “Аба тазалагыч аппарат” – Бишкек шаарынын Ленин районунун Жаш техниктер станциясынын 11-классынын окуучулары.

Кызыктыруучу сыйлыктар, диплом жана баалуу белек менен:

  • Тариэлов Байэл, Турдукматова Аэлина, Осмонов Ислам, Азаматов Кутмырза “Шар”шаркыратмасы “асма жол” жасоо жана күндөн энергия алуу – Нарын облусунун Ат-Баши районундагы Ч.Асекоа атындагы мектебинин 9-классынын окуучулары;
  • Орозов Аман “Таза аба – ден соолуктун күрөөсү” – Чүй облусунун Жайыл районундагы Кара Балта №4 орто мектебинин 9-классынын окуучусу.

“Ден соолук үчүн ойлоп табуулар (приборлор, дарылоонун методдору жана ыкмалары” номианциясы боюнча:

I даражадагы диплом жана баалуу белек менен:

  • Эгембердиева Акылай “Комплекстүү таасир этүүчү селден коргоочу курулмалар” – Ош шаарынын Мээрим Балдар чыгармачылык борборунун жаш интеллектуалдар ийриминин 11-классынын окуучусу;
  • Рыбьянов Егор “Алыстан оптикалык жаңсоону таануу тутуму” – Чүй облусунун Токмок шаарындагы №63 орто мектебинин 10-классынын окуучусу.

           II даражадагы диплом жана баалуу белектер менен:

  • Сарыбаева Тамина, Таштанбекова Аяна, Бичевая Калерия

Сатыкеев Султан “HELIXON” – Бишкек шаарынын Октябрь районундагы №64 орто-мектебинин 10-классынын окуучулары.

III  даражадагы диплом жана баалуу белектер менен:

  • Ильясов Нурали, Салпагарова Зухра, Юн Виктория “ЙОД+ мектеп окуучуларында йод жетишсиздигинин алдын алууну аныктоонун жеткиликтүү ыкмасы” – Бишкек шаарынын Биринчи май районундагы №24 мектебинин 10-классынын окуучулары;
  • Сактанов Эрнарбек “Кол жана бут үчүн үй шартында жасалган массажер” – Ош облусунун Ноокат районундагы К. Жунусов атындагы орто мектебинин 10-классынын окуучусу.

“Мүмкүнчүлүгү  чектелген  адамдар үчүн ойлоп табуулар” номинациясы боюнча:

I даражадагы диплом жана баалуу белектер менен:

  • Калиева Акылайым, Таштанбекова Баян, Бабаназарова Сабина, Омурова Айдана “Угуу аппараты” – Бишкек шаарынын Октябрь районундагы №64 орто мектебинин 9-классынын окуучулары.

           II даражадагы диплом жана баалуу белек менен:

  • Маматрасулов Белек “Инвалиддердин кыймылына жардам берүүчү робот” – Ош облусунун Араван районундагы Н. Исанов атындагы орто мектебинин 10-классынын окуучусу.

           III  даражадагы диплом  жана баалуу белек менен:

  • Эшбаев Имамидин “Майыптардын коляскасы” – Ош облусунун Чоң Алай районундагы 8-классынын окуучусу;
  • Алымов Ильяс “Онлайн аптека” – Ош облусунун Ноокат районундагы Нурматов атындагы мектебинин 10-классынын окуучусу.

Атайын сыйлык менен:

  • Шермаматов Алмазбек “Менин үйүм мультфильм каармандары менен” – Ош облусунун Ноокат районундагы Ибрагим уулу Ысмайыл атындагы орто мектебинин 1-классынын окуучусу.

Урматтуу окуучулар, сиздерге келечекте Калыстар тобунан жана уюштуруучулардан калоо-тилектер:

Долбоорду иштеп чыгууда анан бардык элементтерин, функцияларын жана деталдарын ойлоп анан ишке ашырыш керектигин дагы баса белгилейбиз.

Макетти биринчиден чиймесин даярдап, андан соң эмнеден жасаш керегин ойлонуп коюңуздар, сүрөтүн тартыңыздар ошондо макет бүтүндөй, толук сүрөт болот. Бул макеттин бир дагы бөлүгү бүтпөй же иштебей калбашы керек дегенди билдирет. Долбоор колдонууга же көрсөтүүгө даяр болушу керек. Макет туура даярдалгандан кийин гана долбоордун үстүнөн иштеп, каалаган натыйжага жетүүгө болот.

Slide
Slide
previous arrow
next arrow