“Саамалык-18” республикалык адабий конкурсунун жеңүүчүлөрү аныкталды

Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинин алдындагы Интеллектуалдык менчик мамлекеттик фонду уюштурган “Саамалык” республикалык адабий конкурсунун жеңүүчүлөрү аныкталды. Конкурска жалпысынан 51 кайрылуу келип түшкөн. Жобонун талабына жооп бербеген 10 автор конкурстан четтетилди. Жыйынтыгында 41 автордун чыгармачылык иштери Калыстар тобунун кароосуна жөнөтүлгөн.

-“Проза” номинациясы боюнча – 11;

-“Поэзия” номинациясы боюнча – 30.

Конкурска катышкан калемгерлердин чыгармачылык иштерин тандоо боюнча Калыстардын курамына адабият таануучулар, филолог окумуштуулар, акын-жазуучулар кирген.

Калыстар тобу отурумда “Саамалык” адабий конкурсуна катышкан калемгерлердин чыгармаларынын күнгөй-тескейи, чабал-мыктысы боюнча төмөндөгүдөй ой-пикирин билдиришти:

-Автор чыгармасын ɵзү үчүн эмес, окурман кандай түшүнɵт, кандай кабыл алат деп, жазып жатканда оюнда окурман турууга тийиш;

Азыркы учурда адабият жашарууда, жаӊы темалар, жаӊы жанрлар, жаӊы стилдер пайда болууда. Калемгерлер дүйнɵлүк адабиятты кɵп окушу керек. Улуттук адабиятыбызда постмодернизм, социалдык реализм, фэнтези, детектив, антиутопия, мистика, илимий фантастика дегендей ж.б. жаӊы багыттар жаралууга тийиш;

-Авторлорго тематикалык, көркөмдүк жактан изденүү жетишпейт. Көпчүлүк чыгармалар көркөмдүк жактан чабал, айрым учурларда адабий тилдин нормасынан четтеп кеткен учурлар да байкалат;

-Ѳз алдынчалык, жаңыланууга умтулуу аракети жокко эсе;

-Чыгармаларда грамматикалык, пунктуациялык жана техникалык каталар арбын. Сабаттуулук жетишпейт.

Ал эми калемгерлердин ийгилиги катары:

-Бүгүнкү жаштардын адабиятка карата болгон кызыгуусу кишини кубандырат. Ѳзгѳчѳ, мектеп партасынан баштап эле чыгармачылыкка кызыгып, ѳзүнүн алгачкы адабий кадамдарын ишенимдүүлүк менен арымдап, “Саамалык” адабий сынакка катышып жаткандары колдоого аларлык;

-Конкурска сунушталган чыгармалардын дээрлик кѳбү сүйүү, Ата Журт, табигат, ата-эне, арноо темасы менен катар, учурдун актуалдуу проблемалары болгон чек ара бүтүндүгү, ички-тышкы миграция, диний ишенимдер да чагылдырылгандыгын белгилѳѳгѳ болот;

-Авторлордун арасында идиректүү, шыктуу калемгерлер бар экенин, али жаш болсо да, кадыресе калеми төшөлгөн жазмакерлердей чыгармаларды жаратканы кездешет.

-“Саамалык” республикалык адабий конкурсу көп жылдардан бери уланып келет. Ошого жараша далай таланттуу жаштардын чыгармачылыктагы жолун ачкан башат болуп калганы чыгармачыл коомчулугуна жакшы маалым.

Эмесе, Калыстар тобунун чечими менен конкурстун жеңүүчүлөрү деп төмөндөгү авторлор табылды:

  1. Исамидин уулу Бектурали;
  2. Күчүкбаева Жыпар;
  3. Биймамат кызы Каухар;
  4. Алмазбек кызы Сезим;
  5. Озубеков Нурболот;
  6. Жанарбек кызы Зарина;
  7. Мамытбекова Жылдыз;
  8. Сурапбаева Батма;
  9. Качкынбеков Байызбек;
  10. Казыбаева Айтурган;
  11. Мамажусупова Асия;
  12. Шаршеева Назик;
  13. Султанмуратова Кызжибек;
  14. Биханова Гүлайым;
  15. Мукашова Нурдеми;
  16. Орузбаева Аделина;
  17. Шаматов Байаман;
  18. Эржанова Адинай;
  19. Мурзабек кызы Чачыкей;
  20. Кармышева Жаркын;
  21. Жайлообай уулу Нурсултан;
  22. Жолдошова Гүлзарида;
  23. Исаков Бекзат;
  24. Абдувахап кызы Айпери;
  25. Абсабирова Айзада;
  26. Токтожумаев Бахтияр;
  27. Камчыбекова Бүсанам;
  28. Саттаров Жолболду;
  29. Тойчиева Айжылдыз;
  30. Эмилбек кызы Айбарчын.

Жогоруда аталган авторлордун чыгармалары “Саамалык – 18” адабий альманахында жарык көрөт. Ошондой эле китептин бет ачары күз айларында өткөрүлөт.

Белгилей кетсек,  “Саамалык – 18” республикалык адабий конкурсу 2025-жылдын 5-февралында жарыяланып, 15-майга чейин өтүнмөлөр кабыл алынган.

Slide
Slide
Slide
previous arrow
next arrow