40 РАЙОНДОН 40 ДЕМИЛГЕ" ДОЛБООРУ БОЮНЧА ИННОВАЦИЯЛЫК ДЕМИЛГЕЛЕРДИ ТАНДООНУН БИРИНЧИ ЭТАБЫНЫН ЖЫЙЫНТЫКТАРЫ

“40 райондон 40 демилге” долбоору боюнча берилген 209 өтүнмөнүн ичинен акселерациялык программага катышуу үчүн 30 долбоор, анын ичинен 15 инновациялык демилге, 15 стартап алдын ала тандалып алынды.

Акселерациялык программа долбоордун финансылык моделин жана өндүрүш планын түзүүгө, долбоордогу тобокелдиктерди аныктоого, долбоордун бизнес-пландарын түзүүгө жана талдоого жардам берүү боюнча үзгүлтүксүз онлайн окутуу курстарынын форматында насаатчылык жана окутуу аркылуу бизнес-идеяны интенсивдүү өнүктүрүүнү камтыйт.

Окутуунун жыйынтыгы боюнча инновациялык долбоорлор алардын тармактык таандыктыгына жараша комплекстүү экспертиза жүргүзүү максатында көз карандысыз эксперттер тарабынан бааланат.

Андан кийин Ведомстволор аралык комиссия акселерациялык программаны өткөргөн уюмдун сунуштамаларынын жана көз карандысыз тармактык эксперттердин баалоосунун негизинде катышуучулардын бетачарларын угат жана талдайт.

“40 райондон 40 демилге” долбоору боюнча алдын ала талданган 30 долбоор

Инновациялык демилгелер:

1          Аралыктан окучуларды инклюзивдүү окутуу

2          “Инклюзивдүү Технология”

3          Комбинированный эко туризм (Зиплайн, конный тур, велотур)

4          «ЭФИ» жылуулук генераторун жасап чыгаруучу чакан ишкана уюштуруу.

5          ЮР жардамчы

6          Мээримдүү эненин жолу

7          “AI-Content & Chatbot Agency-кыргыз тилинде иштеген жасалма интеллект”

8          MegaSchoolы: Сынама ЖРТ, жетишкентик анализи жана мотивация бир аянтчада

9          Табигый жүндөн имараттарды жылуулоочу курулуш материалын өндүрүү.

10        «Эркин энергия»

11        Цифровой телеграмм-бот для органической сертификации фермеров по системе PGS в регион Кыргызстана.

12        Бал-аары азыктарынан адамдардын ден-соолугуна пайдалуу жана колдонууга ыңгайлуу продукцияларды өндүрүү

13        “Акылдуу келечек” инновациялык технологиялар жана робототехника менен балдарды өнүктүрүү борбору

14        AiDos. Цифровая платформа

15        ПРЭД ТЭО МГЭС “Кадамжай” 450 кВт Шаркыратмадан электр энергиясын кайра жаратуучу кичи ГЕСин куруу.

 

Стартаптар:

1          Автоматизированная система производства и распространения сидболлов

2          «АкваБак» Растениеводство и рыбоводство (выращивание рыбы и овощных культур методом аквапоники)

3          Центр АФК

4          «Я Напомню» (My friend.kg) – умная аптечка первой помощи с функцией персонализированных напоминаний и встроенной аптечкой

5          КамышТех (ReedTech) это инновационный стартап, ориентированный на производство экологически чистых камышовых матов

6          Самодостаточный водно-гравитационный автономный генератор.

7          Гидропоника

8          “GreenShell” –(зеленая скорлупа – жашыл кабык) жаңгактын кабыгынан экологиялык жашыл өндүрүш.”

9          Акылдуу мал чарбачылык

10        Startap КМОП “Пластикти дробилканын жардамы менен иштетуу”

11        «Игрофикация города»

12        Шамал генераторлору

13        “Санарип Айыл: Келечекке терезе”

14        Жүндү кайра иштетүү

15        “Домашний мини-биогазовый реактор BioHome.kg”

Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
previous arrow
next arrow