17-19- октябрында Бишкек шаарында салтка айланган “Алтын күз” аттуу айыл чарба продукцияларынын чоң көргөзмөсү өз эшигин ачып, жаратман ишкерлер менен эмгекчил дыйкандардын эмгегин даңазалаган аянтчага айланды. Бул иш-чарага “40 райондон 40 демилге” долбоорунун алкагында тандап алынган мыкты демилгечилердин арасынан 5 жеңүүчү катышып, өздөрүнүн кол өнөрчүлүк жана айыл чарбасындагы табигый, экологиялык таза продукцияларын сунушташты.

Катышуучулар:
1. Осмонова Жыпаргүл Кадырбердиевна (Нарын району)-малинанын, чычырканактын жана өрүктүн даамын айкалыштырып жасалган табигый сүзмөсү менен көрүүчүлөрдүн көңүлүн бурду.
2. Толомушов Турсунали (Баткен району)-күнгө кургатылган, даамы да, дарылык касиети да бар өрүк куруту жана майы менен элдин кызыгуусун жаратты.
3. Дуулатов Айжигит Токтобаевич (Ала-Бука району)-кара өрүк менен жапайы алманы кургатып, алардын табигый пайдалуу сапаттарын сактап, уникалдуу азык катары сунуштады.
4. Матураимов Муктарали Каллакович (Лейлек району)-таза балын жана бал челекчиликти өнүктүрүү демилгесин ийгиликтүү көрсөтүп, табигый таза продукциянын маанисин баса белгиледи.
5. Арзыбаева Азада Абдижамиловна (Кадамжай району)-башында “Кызыл как” өндүрүү менен баштаган долбоорун ийгиликтүү улантып, бүгүнкү күндө анын негизинде сүрсүтүлгөн помидор, курма как, алма как жана кайналы как сыяктуу жаңы продукцияларды менен, анын ар бир өндүргөн азыгы жогорку сапаты жана табигый даамы менен айырмаланып, керектөөчүлөр тарабынан чоң кызыгуу жартты.
Көргөзмө жылуу маанайда, жогорку деңгээлде өтүп, элдин жана адистердин чоң кызыгуусун жаратты. Жыйынтыгында, Арзыбаева Азада Абдижамиловна өзүнүн эмгегинин жыйынтыгы менен 2-орунду алып, мактоо баракчасына ээ болду. Бул жеңиш-Баткен жергесинин чыгармачыл жана демилгечил аялзатынын ийгилиги.

Катышуучулардын баарысы аймактык өнүгүүнүн чыныгы үлгүсүн көрсөтүшүп, “40 райондон 40 демилге” долбоорунун жемиштүү ишке ашып жаткандыгын дагы бир жолу далилдешти.
Куттуктайбыз жана мындан аркы ийгиликтерди каалайбыз!

Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
Slide
previous arrow
next arrow