2025-жылдын 24-октябрында Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги, Интеллектуалдык менчик мамлекеттик фонду тарабынан уюштурулган «40 райондон 40 демилге» долбоорунун алкагындагы жеңүүчүлөргө арналган маалымат берүү иш-чарасы болуп өттү.
Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдиль Жолдубаевич Байсалов, министрликтердин жана мекемелердин өкүлдөрү, ведомстволор аралык комиссиянын мүчөлөрү, ошондой эле «40 райондон 40 демилге» долбоорунун жеңүүчүлөрү катышты.
Иш-чаранын негизги максаты-ар бир аймакта ийгиликтүү ишке ашырылган демилгелер боюнча отчетторду угуу, алардын тажрыйбасы менен бөлүшүү жана келечектеги өнүгүү жолдорун биргелешип аныктоо.
Жеңүүчүлөр өз долбоорлору тууралуу -жетишкендиктери, алынган жабдуулары, жумуш орундарын түзүү жана коомго тийгизген таасири жөнүндө маалымат беришти. Муну менен катар, ар бир презентациядан кийин суроо-жооп форматында жандуу талкуу жүргүзүлдү.
«40 райондон 40 демилге» долбоору-инновациялык идеяларды илгерилетүү, жергиликтүү көйгөйлөрдү жеринде чечүү жана аймактарды өнүктүрүүдө жигердүү жарандарды колдоого багытталган мамлекеттик маанидеги платформа.
Иш-чаранын алкагында көргөзмө уюштурулуп, жеңүүчүлөр өздөрүнүн продукцияларын жана кызматтарын сунушташты.
Бул жолугушуу-жарандын демилгеси менен мамлекеттин колдоосунун жемиши экенин дагы бир ирет далилдеди. Долбоор мындан ары да уланып, жаңы демилгелердин жаралышына жол ачары күтүлүүдө.
















