2025-жылдын 28-октябрында Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигине караштуу Интеллектуалдык менчик мамлекеттик фонду тарабынан Чүй облусунун Жайыл районунда жайгашкан Кара-Балта шаарынын жеңүүчүсү Омаралиев Эрик Эркеновичтин «FoodCraft SL»
2025-жылдын 28-октябрында Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигине караштуу Интеллектуалдык менчик мамлекеттик фонду тарабынан Чүй облусунун Жайыл районунда жайгашкан Кара-Балта шаарынын жеңүүчүсү Омаралиев Эрик Эркеновичтин «FoodCraft SL» (Продукциянын аш болумдуулугун рецепт боюнча эсептөө) аттуу стартап долбоору боюнча көчмө мониторинг жүргүзүлдү.
Бул долбоорду ишке ашыруу үчүн Интеллектуалдык менчик мамлекеттик фонд тарабынан 500 000 (беш жүз миң) сом өлчөмүндө каржылык колдоо көрсөтүлгөн. Азыркы күндө долбоор алкагында 4 ноутбук, Wi-Fi роутер жана башка керектүү жабдуулар сатып алынып, толук даярдык иштери аяктаган. Долбоор ишке кирүү алдында турат жана колдонмону ишке киргизүү боюнча акыркы тестирлөөлөр жүрүүдө.
Ошондой эле долбоордун бет ачары уюштурулуп, анын жүрүшүндө катышуучуларга рецепттердин азыктык баалуулугун эсептөө, ошондой эле Кыргыз Республикасынын тамак-аш азыктарынын курамынын маалымат базасы түзүлгөнү тууралуу маалымат берилди. Аталган базага азыктык баалуулуктарды эсептөө үчүн негиз болгон 261 түрдүү тамак-аш азыктары жана 20 улуттук тамактар боюнча маалыматтар киргизилген.
Иш-чарага министрликке караштуу Интеллектуалдык менчик мамлекеттик фондунун директорунун орун басары Ж.А. Абдылдабеков, ойлоп табуучулук ишмердүүлүктү колдоо бөлүмүнүн кызматкерлери, ошондой эле Кара-Балта шаарынын мэриясынын аппарат жетекчиси М.А. Айбеков жана тиешелүү бөлүм башчылары катышты. Жыйынтыгында катышуучулар тийиштүү мониторинг жүргүзүү актысына кол коюшту.
Маалымат үчүн: бул долбоор “40 райондон – 40 демилге” программасынын алкагында ишке ашырылып, тамак-аш өнөр жайындагы технологдордун ишин жеңилдетүүгө жана автоматташтырууга, ошондой эле маалымат базасын билим берүү жана илимий изилдөөлөр үчүн пайдаланууга багытталган.










