2025-жылдын 9-декабрында Sputnik Кыргызстан радиосу тарабынан уюштурулган “Стимул” аттуу программада, Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигине караштуу Интеллектуалдык менчик мамлекеттик фонду ишке ашырган “40 райондон 40 демилге” долбоорунун алкагында жеңүүчү болгон “Гидропоника” долбоору боюнча түз эфирде маек өткөрүлдү.

Маекке долбоордун автору Айдарали уулу Эрнист жана анын команда мүчөлөрү – Карагулов Бекзат жана Амантур кызы Жибек катышып, долбоордун жаралуу тарыхы, ишке ашуу жолдору жана жетишилген жыйынтыктары тууралуу кеңири маалымат беришти.
Маектин жүрүшүндө долбоор кандай шартта ишке ашырылганы, команда ичиндеги кызматташтык, гидропоника ыкмасынын өзгөчөлүктөрү жана жаштар арасында жаралган кызыгуу тууралуу сөз болду. Ошондой эле долбоордун жыйынтыктары, аймактардагы инновациялык демилгелердин ролу, келечектеги пландар жана катышуу мүмкүнчүлүктөрү кеңири талкууланды.
Катышуучулар угармандарга пайдалуу жана кызыктуу маалыматтарды сунуштап, “40 райондон 40 демилге” долбоору жаш ойлоп табуучулар үчүн чоң мүмкүнчүлүктөрдү ачарын баса белгилешти.

Slide

Slide

Slide

Slide

Slide