2025-жылдын 11-декабрында Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинин алдындагы Интеллектуалдык менчик мамлекеттик фонду Улуттук адабият күнүнө карата жаш калемгерлердин “Саамалык-18” адабий чыгармалар жыйнагынын бет ачарын өткөрдү.
Иш-чаранын максаты – көркөм чыгарма жазууга далалаттанган жана колундагы мыкты чыгармасын жарыкка чыгара албай жүргөн жаш авторлорго колдоо көрсөтүү, чыгармачылыгына дем-шык, эргүү берип, кесипкөй акын-жазуучу болуусуна шарт түзүү болуп эсептелет.
Аталган иш-чаранын алкагында “Саамалык” адабий чыгарылышынын 25 жылдыгы салтанаттуу түрдө белгиленди.
Иш-чараны Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министринин орун басары Кемел Садыков куттуктоо сөзү менен ачып: “Алгачкы, тырмак алды чыгармасынын китепке жарык көрүүсү, окурман журтуна сунушталышы жаш автор үчүн алгачкы чоң жеңиш, чоң дем-кубат! Ал кийинки адабий сапарына шыктандырып, дагы да эмгектенүүгө, чыгармачылыгын улантууга себепкер болот” деп авторлорго, жаш калемгерлерге чыгармачылык ийгилик, жаңы табылгаларды каалады.
Салтанаттуу иш-чаранын жүрүшүндө конкурстун жеңүүчүлөрүнө министрликтин колдоосу менен жарык көргөн “Саамалык-18” китеби тапшырылды, ошондой эле М. Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайдын студенттеринин чакан концерти менен коштолуп турду. Мындан сырткары катышуучуларга “Саамалык – 18” адабий жыйнагы боюнча ДемиАрт театралдык студиясынын окуучулары театралдык көрүнүш, ал эми И. Раззаков атындагы КМТУнун “Арт-Мурас” драмалык студиясы “Айтматов ааламы” композициясын тартуулады.
Китептин бет ачарына конкурстун жеңүүчүлөрү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзунун өкүлдөрү, белгилүү акын-жазуучулар, жаш калемгерлер, китеп күйөрмандары жана башка чыгармачыл инсандар катышты.
Маалымат үчүн: Жаш калемгерлердин туңгуч чыгармалары топтолгон “Саамалык” адабий альманахы 2000-жылдан бери жарык көрүүдө. Анда ушу күнгө чейин 1 000ге жакын авторлордун чыгармалары камтылган.
“Саамалык” адабий конкурстун негизинде чыгармачылык тушоолору кесилип, бүгүнкү күндө белгилүү акын-жазуучулардын катарына Ажыканова Эльмира, Бакчиев Талантаалы, Иманалиев Элмирбек, Ажыматов Зайырбек, Наралиева Миргүл, Мирлан Самыйкожо, Эрлан Жумагазиев, Рысбай Исаков, Улукбек Омокеев, Назгүл Осмонова, Маматжан уулу Мелис ж.б. кошсок болот.
Байланыш телефондор (0700) 84-83-29, (0552) 84-83-29






































